Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

«Адылбек Касымалиев бир аз чечкиндүү болсо болмок»

Экс-премьер каржы министринин ишиндеги кыйынчылыктар тууралуу эскерди

Мурдагы каржы министри Адылбек Касымалиев чечкиндүүрөөк болгондо болмок. Мындай деген пикирин Vesti.kg сайтына каржы жана бюджет боюнча парламенттик комитеттин мүчөсү Кубанычбек Нурматов бөлүштү.

- Ал жөн гана иштеди, аны бир тараптуу эле баалай берген болбойт - жакшы же жаман деп, - деп белгиледи депутат. - Бирок, менин оюмча, ал бир чечкиндүүрөөк болушу керек эле.

Өз кезегинде мурдагы өкмөт башчы Феликс Кулов Vesti.kg сайтына өлкөдө жалган кырдаал түзүлгөндүгүн, бир министрден эчтеме чечилбестигин айтты.

- Анткени, министр акча чыгарбайт, ал өлкө иштеп тапкан акчаны ган бөлүштүрүп берет, - деп эскертти Кулов. - Бул милдет аябай кыйын. Касымалиевдин бул милдетти кантип аркалагандыгы бир гана премьер-министрге белгилүү. Менин оюмча, ал колунан келгенин кылды.

Түшүндүрө кетели, бүгүн президент каржы министри Адылбек Ксымалиевди эс алууга кетирген жарлыкка кол койду.

Вероника Малышева
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх