Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

«Жээнбаевага жолтоо болушпаса каржы Министрлигинде тартипти жөнгө салып коймок»

Улуттук банктын мурдагы жетекчиси жаңы боло турган каржы министрине кубанды

Жаңы каржы министри болуп мурдагы Улуттук банктын төрагасынын орун басары Бактыгүл Жээнбаева болуп калышы мүмкүн. Бул тууралуу «Азаттык Радиосу» билдирет.

Бул маалыматты расмий түрдө эч ким ырастай элек, бирок саясатчылар менен экономисттер боло турган дайындоону жон терилери менен сезип турушат.

- Ал жакшы каржы кызматкери жана кесипкөй адис,- деп эсептейт мурдагы премьер-министр Феликс Кулов. - Ал эми каржы министри деген жөн гана саясатчы болбошу керек. Бул мекемени кудум ошол каржы адиси башкарышы керек.

Өз атын атагысы келбеген Улуттук банктын мурунку төрагасы Бактыгүл Жээнбаеваны сейрек жоолуга турган «мээнеткеч жана акылман» катары билет экен.
- Мүнөзү катуу, бирок ошондой болуш керек, - дейт ал Vesti.kg сайтына. Ал өз күчү менен өстү. Эгерде ага жолтоо болушпаса, ал каржы Министрлигин тартипке салып коёт.

Эксперт мурунку каржы министри Адылбек Касымалиевдин эс алууга кетишине өкүнөт, анткени ал өз кызматында киреше тармагынын жападан жалгыз адиси болчу.

- Бирок анын ордуна Жээнбаева келе турган болсо бул эң жакшы, - деп белгиледи ал.

Кыргыз Республикасынын ишкерлер Уюмунун вице-президенти Замир Шайыков жана соода ишканаларынын, базарлардын жана кызмат көрсөтүү чөйрөсүнүн Бирикмесинин президенти Сергей Понамарёв Vesti.kg сайтына Жээнбаева менен иштешпегендерин жана ал тууралуу кандайдыр бир ойлору да жок экендиктерин моюндарына алышты.

Эске салсак, мурда Vesti.kg сайты президент Сооронбай Жээнбековдун каржы министри Адылбек Касымалиевдин отставкасын кабыл алгандыгын жазган болчу.
Бактыгуль Жээнбаева 1960-жылы теке айынын отуз биринде Фрунзе шаарында туулган.
1992-жылдан 1996-жылга чейин мансаптык тепкич менен Улуттук банктын экономистинен баштап бөлүм башчылыкка чейин көтөрүлгөн.
Андан соң 10 жыл бою Кыргыз айыл чарба каржы корпорациясын жетектеди, 2007-жылы НТС каналынын башкы мүдүрү болуп иштеди. «Адилет» партиясынын тең төрайымы болгон жана «Ак-Шумкар» партиясынын мүчөсү болгон.

2010-жылы «Кыргызстан коммерциялык банкы» ААК башкаруу төрайымы кызматын ээлеген жана «Кыргызстан коммерциялык банкы» ААК директорлор кеңешинин төрагасынын орун басары болгон.

2010-жылдын теке айынан баштап 2011-жылдын кулжа айына чейин КР Улуттук банкынын төрагасынын милдетин аткарган, төрайымдыкка сунушталган, бирок жашыруун добуш берүүдө 114 депутаттын ичинен 42 депутат гана колдогон.
2011-жылдан 2015-жылга чейин Жээнбаева Улуттук банктын башкаруу төрагасынын орун басары болуп эмгектенген, 2016-жылы - Мамлекеттик күрөө компаниясынын төрайымы жана «Айыл Банк» ААК башкаруу төрайымы болгон.

2016-жылы бештин айында «Айыл Банктын» директорлор кеңеши аны ыйгарым укугун ашыра колдонгондугу үчүн мөөнөтүнөн мурда кызматтан алган.
Кеп мыйзамсыз иштен алынган кызматкерлер жана банкка 4,7 көлөмдүү Land Cruiser джипин сатып алгандыгы тууралуу болуп жатат.
2017-жылы Германия мамлекетик өнүктүрүү банкына кеңешчи болгон, андан соң «Арванд» кичикаржылык компаниясынын директорлор кеңешинин төрайымы жана директорлор кеңешинин мүчөсү болгон.

Ольга Федорчук
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх