Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Улуттук банк: Президенттин аппаратынын кызматкерлеринин кредиттери тууралуу маалымат - жашыруун

КРУБ президенттин аппаратынын кызматкерлеринин кредиттери тууралуу маалыматты бергенден баш тартты

Президенттин жана өкмөттүн аппаратынын кызматкерлеринин карыздары тууралуу маалымат берилбейт, анткени бул банктын жашыруун сыры болуп саналат. КР Улуттук банкындагылар Vesti.kg сайтынын суроосуна ушундайча жооп беришти.

- Президенттин жана өкмөттүн аппаратындагы кызматкерлердин турак жай кредити тууралуу маалыматтарды алуу үчүн «Росинбанк» ААК кайрылууңуздарды өтүнөбүз, - деп айтылат КРУБ катында. «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жана банктар, бак ишмердүүлүг тууралуу» мыйзамдын 129 беренесинин 1 п. ылайык, банктык жашыруун сыр - бул банктын кардары берген бардык маалыматтар, же банк ишмердүүлүгүнүн жүрүшүндө түзүлгөн, пайда болгон маалыматтар. «Росинбанк» ААКнан КР президентинин жана өкмөтүнүн аппаратынын кызматкерлери алган кредиттердин маалыматтар банктын жашыруун сыры болуп эсептелет жана ал башкаларга берилбейт.
Ошону менен бирге Улуттук банктын маалымат кызматы «Кыргыз Республикасынын Улуттук банк, банктар жана банк ишмердүүлүг тууралуу» мыйзамынын 130 беренесинин 4 п. ылайык Банктын сырын камтыган маалыматтар бир гана соттук актынын негизинде берилет.

Ошентип өлкөнүн башкы каржылык жөнгө салуучусу карыз алгандар тууралуу маалыматты берүүдөн баш тартты.

Эске салсак, жакында эле Жогорк Кеңештин депутаты Алмасбек Акматов президенттин жана өкмөттүн аппаратынын кызматкерлери алган кредиттеринин пайызын 8% чейин төмөндөтүүнү суранып жатышкандарын билдирген. Эл өкүлүнүн сөзү боюнча, 2015-жылы чиновниктер көп жылдык кезекке туруунун негизинде «Росинбанктан» 12% менен ремонту жок эконом-класс батир алышкан. Бирок азыр Мамлекеттик күрөө компаниясы ал кредиттерди 8% менен берип жатат.

Медина Купсулдаева
Сүрөт www

 

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх