Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

«Кыргыз темир жолунда» башкы директордун орун басарлык кызматы бошоду

Алымжан Хасановду мамлекеттик ишкананын башчысынын кеңешчилигине дайындашты

«Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасынын башкы директорунун орун басары Алымжан Хасановдун кызматынан алып салышты. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына мамлекеттик ишкананын өзүнөн билдиришти.

- Ошону менен бирге Хасановду бештин айынын төртүндө башкы директордун кеңешчиси кылып дайындашты, - деп такташты мекемедегилер.

Ал арада «Кыргыз темир жолунун» жетекчисинин орун басарлыгына Темир Назаровдун дайындалгандыгы тууралуу маалымат пайда болду.

- Бул маалыматтар чындыкка дал келбейт, учурда ал орун бош турат, - дешти «КТЖ» маалымат кызматындагылар.

Эске салсак, мурда Vesti.kg сайты Тазабек Икрамовдун Алымжан Хасановдо Казакстандын жарандыгы бар деген сөзүн жазган эле.


Вероника Малышева
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх