Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

«КСДПнын 99 пайызы Алмазбек Атамбаевди колдобой калды»

«КСДП Атамбаевсиз» кыймылынын ңкүлдөрү экс-президентти жеке адамга сыйынуучулукка айыпташты

«КСДП Атамбаевсиз» кыймылынын өкүлдөрү алардын бардык жыйындары мыйзамдуу жана партиянын уставынын алкагында экендигин ырасташат. Бул тууралуу маалымат жыйынында ушул кыймылдын мүчөсү, ЖК мурунку депутаты Данияр Тербишалиев билдирди.

- Биз мыйзам алкагында иш кылып жатабыз, - деди ал. - ошондой эле бардык карама каршылыктарды укуктук талаада гана чечүүнү көздөйбүз, эң барып турган чеги соттук териштирүүлөргө барат. Кыргызстандагы бардык партиялар авторитардык. Аларда хандык өкүм сүрүүдө. Ошондуктан КСДП тазаланууну талап кылат.

Өз кезегинде ал кыймылдын башчысы Сагындык Абдрахманов КСДПнын лидери Алмазбек Атамбаев алардын жыйынын үзгүлтүккө учуратууга тапшырма берген дейт.

- Чогулушка провакаторлор келишип, иш чара болгон имараттын ичине кирүүгө аракет жасап жатышат, - деп түшүндүрдү ал. - Акыркы болуп өткөн жыйынга Ирина Карамушкина келди. Биз аны партиянын шаардык ячейкаысынын жетекчиси катары эсептеп отчетун угалы десек, ал бизди кордоп кемсинтти.

Бирок Атамбаев жеке адамга сыйынуучулукту пайда кылды жана партияны өзүнүн коррупционер досторун коргоо үчүн колдонот. Анткени менен азыр биздин партиялаштардын 99% аны колдобойт.

Вероника Малышева
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх