Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Тазабек Икрамов УКТ менен байланышы, Жээнбековдун баласын уурдоо жана фамилиясынын өзгөртүлүшү тууралуу...

Тазабек Икрамов: Эгерде мен УКТ мүчөсү катары эсепте турсам, анда мага аны далилдеп беришсин

Депутат парламентке келээрден мурда фамилиясын эмнеге өзгөртүүнү чечкендиги тууралуу түшүндүрдү.

Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамовдун Кыргызстанга пайда алып келбегендерден КР жарандыгын алгандардын алып салуу тууралуу сунушу коомчулукта катуу талкууга алынды.

Тактап айтканда, социалдык тармактарда көптөрү 2009-жылы Тазабек Икрамов Жусупжан Жээнбековдун баласын уурдоодо буйрутма ээси болгондугу тууралуу айып тагышкандыгын эскеришти.
Андан сырткары депутат милицияда УКТ мүчөсү катары эсепте тураары айтылат. Укук коргоочуларга ал Стамкулов катары белгилүү.

Бирок депутат өзүнүн бул ишке катыштыгы жок экендигин жана УКТга тийешеси жок экендигин билдирди. Тазабек Икрамович Vesti.kg сайты менен болгон маегинде, эгерде анын күнөөсү далилденсе, жазага тартылууга даяр экендигин билдирди.

- Эгерде бул уурдоого катыштыгым бар болсо, мен азыр паламнтте отуруп, эл өкүлү болот белем, - деп баса белгиледи ал. - Бул жолкусунда элдер менин менин сөзүмдүн айрым жерлерин үзүп алып, коомчулукка туура эмес уктуруп жатышат. Коомчулук иштин жайын билбей туруп эле талкууга өттү. Мени негизинен орус тилдүү сайттар жамандап жатат. Аялдары чет элдиктер менен иштешкен диван эксперттери мамлекет үчүн эч нерсе жасабай туруп мени каралап жатышат.

Икрамовдун сөзү боюнча, ал өзүнө болгон негизсиз айыптоону четке кагат.

- Көптөрү өз атынан сүйлөгөн жок, ошондуктан мен аларга көңүл бурбайм, - деди ал. - Ит үрө берет, кербен жүрө берет дегендей. Мен чындап эле ИИМде УКТ мүчөсү катары каттоодо болсом, анда далилдешсин. Эгерде мен киши уурдоого катышсам, анда сот жана мыйзам алдында жооп бергенге даярмын. Биздин өлкөдө ким спорт менен алектенген болсо эле УКТ мүчөсү экен дей бермей адат бер.

Сөзүнүн аягында депутат эмнеүчүн фамилиясын өзгөрткөндүгүн айта кетти.

- Менин көп туугандарым бар Стамкулов деген, - деди ал. - 2015-жылы мен парламентке келээр алдында атамдын атына өттүм. Себеби, биз Икрамдын балдары экенибизди билип жүрүшсүн деп ошенткем. Атамдын аты да тарыхта калсын дегем. Мени мындай өзгөртүүмдөн кийин тааныбай калышпаса керек. Анын үстүнө мен Данияр Үсөнов сыяктуу түп тамырынан бери өзгөрткөн жокмун да.

Зулайка Эркимбаева
Сүрөт www

 

 

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх