Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

КСДП дагылар 99% Атамбаевди колдобойт деген сөздү четке кагышат

Партиядагылар аларга тескерисинче эски пикирлештер кайтып жаткандыгын айтышат, ал эми Сагындык Абдрахманов болсо чындыкты бурмалап жатат дешет

«КСДП Атамбаевсиз» кыймылынын лидери Сагындык Абдрахманов чындыкты бурмалап жатат. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына КСДПнын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева билдирди.

- Абдрахмановдун КСДП мүчөлөрүнүн 99 пайызы Атамбаевди колдобойт дегени чындыкка дал келбейт, - деп белгиледи ал. - Тескерисинчебизге партиялаштар кайрыла башташты. Алардын баар КСДП тагдыры үчүн сарсанаа болуп жатышат. Ал эми жыйынга болсо бул бирикмеге кирбеген эле адамдар келип жатат. Биз буга өткөндө Бишкекте өткөн чогулушта күбө болдук. Чогулмактан чогула беришсин. Крап турабыз го, ким келмек эле аларга.

Мурдараак Vesti.kg сайты Сагындык Абдрахмановдун 99 пайыз КСДП мүчөлөрү Алмазбек Атамбаевди колдобой калышты деген сөзүн чыгарган эле.

Вероника Малышева
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх