Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

УКМК: Зилалиев алтын кенинин лицензиясын туугандарына каттаткан

Экс-вице-премьерди 2 айга камакка алышты

Улуттук коопсуздук Мамлекеттик комитети Башпрокуратура козгогон КР КК 301 бер. 2 б. 2 п. (Жоопкерчиликтүү кызматта иштеп жатып мыйзамсыз баюу) негизинде козгогон кылмыш ишинин алкагында, 2018-жылы бештин айынын жетисинде Дүйшөнбек зилалиевдин мүлкүн карата тергөө амалдары жүргүзүлгөн.

2011 жылдан 2017-жылга чейин Зилалиев аркандай мамлекеттик кызматтарда иштеп келген. мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун төарагасы, Кыргыз Республикасынын минералдык ресурстар жана геология боюнча Мамлекеттик агенттигинин директору болгон.

2011 жылдан 2016-жылга чейин Зилалиев расмий түрдө өзүнүн киреше, чыгаша, мүлк жана милдеттер тууралуу декларациясын бирп турган. Ал мезгилдер аралыгында анын кирешеси 2 млн. 541 миң 527 сом болгон. Ушул эле мезгил аралыгында аялынын тапкан оокаты 408 000 сом болгон.

Бирок, иликтөө иштеринин жыйынтыгында аныкталбаган киреше булактарынын суммасы анын расмий түрдө берген киреше декларациясынан алда канча эсе ашып түшөт.

Ошентип, Дүйшөнбек Зилалиев мамлекеттик кызматта иштеп туруп декларацияда көрсөтпөгөн акча каражаты 889 миң 900 АКШ доллары. Ал бул акчаларын 2018-жылдын аяк оона айына чейин коммерциялык банктардын биринин филиалындагы банктык ячейкада сактаган.

Андан сырткары, Зилалиевдин декларацияда көрсөтүлбөгөн активдери (үй, батир, жер участоктору) чыккан, аны жашырып жабуу максатында туугандарына жана башка жарандарга каттатып койгон.

Ошентип, 2017-жылы чын курандын он жетисинде Зилалиев туугандарынын бирине Бишкектин чок ортосунан эки кеңселик жайды каттаткан. Сатуу жана сатып алуу келишимине ылайык ал кеңселер 34 миллион жана 19 миллион сом турат.

Андан сырткары, Зилалиев Мамлекеттик геология агенттигинин директору болуп туруп, өзүнүн жумушсуз тууганына Кыргыз Республикасынын алтын жана башка кендердин лицензияларын каттаткан.

Ага айып таккан макалада мындай деп айтылат - Кызматтагы адамдын активдеринин байкалаарлык өлчөмдө көбөйүп кетишин ал түшүндүрүп бере албайт.

Ушул себептүү, тергөө органдарынын позициясы бул иште бир гана декларацияда көрсөтүлгөн мүлктөрүн гана мыйзамдуу эсептейт.

Учурда кармалганды УКМКнын тергөө абагына киргизишти. Жактоочу Учкун Каримовдун сөзү боюнча, Зилалиев 2 айга камакка алынды.

УКМКнын маалымат борбору
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх