Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Искендер Матраимов: Википедияда мени италиялык мафиоз кылгандарын көрүп алып, күлдүм

Интернет-энциклопедиядагы «Матраимовдун коррупциялык кланы» тууралуу статья Жогорку Кеңештин депутатын таң калтырды

Кечээ эркин «Википедия» интернет-энциклопедиясында Матраимовдун үй бүлөсүнө арналган статья чыкты. Материалдын аталышы «Матраимовдордун коррупциялык кланы» деген аталыштагы бир жактуу каралоочу мүнөздү.

- Бул жомокту ким ойлоп тапкан? - деп суроо узатат Жогорку Кеңештин депутаты Искендер Матраимов Vesti.kg сайты менен болгон маегинде. - Ким ушуга ишенет? Мен таң калдым, алтургай отуруп алып күлдүм. Бүгүн жумушта бул текст менен жакшылап таанышам. Статья өтө эле көркөмдөлүп жазылган. Эмне Кыргызстанда бийлик жокпу? Мен муну ким жазгандыгына кызыктым. Мен муну алардын абийирине койдум. Муну кандай журналист жазат? Мындайды жазаардан мурун ойлонбойбу. Мен статьянын авторун сотко берүүнү ойлоно элекмин. Ал жерде мени италиянын мафиозу кылып сүрөттөп салыптыр. бул статьяны окугандар күлүшөт.

«Википедиядагы» статья Матраимовдордун олигархтык, кылмыштуу кланына арналган.
Автордун ою боюнча, бул топтун негиздөөчүсү Жогорку Кеңештин депутаты Искендер Матраимов болгон. Ошону менен бирге статьяда Матраимовдор менен Кубанычбек Кулматовдун байланышы тууралуу да айтылат.

Бишкектин экс-мерин УКМКнын тергөө абагына орусиялык жарандыгы бар экендиги үчүн эмес, депутаттын бир тууганы Райымбек Матраимовдун өчүн алуу максатында камашкан деп белгиленет.

Текстте ар бир шайлоо болгон сайын Матраимовдордун кланын жана алардын УКТ менен болгон байланыштарын колдонушат деп айтылат. Тактап айтканда, кеп Камчы Көлбаев тууралуу болуп жатат.

Медина Купсулдаева
Сүрөт www

 

 

 

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх