Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Осмонбек Артыкбаевге кезектеги операция жасалды

Коррупцияга айыпталган депутат дарыгерлердин көзөмөлүндө турат

Жогорку Кеңештин камакта жаткан депутаты Осмонбек Артыкбаевге операция жасашты. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына эл өкүлүнүн жактоочусу Айжан Орозакунова билдирди.

Юристтин айтуусу боюнча, ал өзү коргогон адамдын кайсы ооруканада жаткандыгын билбейт.

- Туугандары менен байланыштым. Алар эки күн мурун операция болду дешти, - деп жооп берди Орозакунова.

УКМКнын маалымат кызматы Артыкбаевдин кайсы ооруканада жаткандыгын Vesti.kg сайтына айтуудан баш тартышты.

- Ал дарыгерлердин көзөмөүндө турат, - деп жооп берди мекеменин маалымат катчысы Рахат Сулайманов.

Эске салсак, Артыкбаевдин УКМК тергөө абагынан ооруканага чыкга тургандыгы тууралуу маалымат быйыл бештин айынын төртүндө белгилүү болду.

Эл өкүлүнүн грыжасы бар экендиги маалымдалган. Быйылкы жылдын теке айында Артыкбаевдин жүрөгүнө операция кылынган болчу.

Осмонбек Артыкбаев Бишкек ЖЭБин жаңылоодогу коррупция тууралуу кылмыш ишинде катышы бар деп саналат.

Зулайка Эркимбаева
Сүрөт www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх