Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Нариман Тюлеев: Атамбаев иче берип, мурункуларын унутуп калыптыр

Мурдагы Бишкектин мэри Атамбаев менен дебатта жоолугууга даяр

Бишкектин мурунку мэри Нариман Түлеев Алмазбек Атамбаевдин «Ал калп айтуу боюнча Мюнхаузендин баронунан да ашып түштү» деген сөзүнө жооп кылды.
Бул билдирүүгө мурунку шаар башчы социалдык тармактагы баракчасынан жооп кылды. (орфография жана пунктуация бузулбай берилди)

«Кечээ Атамбаев эмне жөнүндө сүйлөшүү болгондугун айтпай туруп, мени барон Мюнхаузенге теңеди, - деп белгиледи Түлеев. Өзүн өзү айтып жаткандыгын да байкабай калды ал. Анткени барон Мюнхаузендин прототиби кечки тамактан кийин, демек түндө, бир чөйчөк шараптан кийин өзүнүн жалгандарын айтчу. Атамбаев да жумшак креслого отуруп алып өзүнүн калптарын биринчи жолу айтып жаткан жери жок. Аны көрбөгөн билбеген, башка өлкөдө жашаган бирөө гана анын калптарына ишениши мүмкүн. Ал эми элдин көпчүлүгү, алтургай баары аны уккусу да келбей калды. Сүйлөсө эле кантип ак мээнет менен акча тапканы, Байлыгын кандай жол менен тапканын, анын балдары кандай азаматтар экендиги жана аны сындаган адамдардын баары кандай мыкаачы экендиктери тууралуу калптарды айта баштайт. Мынчалык чындыктан алыс кеткен адамдын психикасы жакшы болбойт, мен айтпасам деле элдин баары аны аныктап коюшкан - «бул соо эмес» деп».

Түлеев көп нерсени айтпайын дедим эле, бирок айтышка туура келип жатат деп кошумчалады.

«Ооба, жолдо биз ар нерсени сүйлөштүк, Атамбаев чамасы иче берип эмне болгонун унутуп калган окшойт, анткени стюардесса анын креслосу менен жумуш бөлмөсүнүн ортосунда эле каттап калды, - дейт ал. - Эгерде «Аэрофлоттон» сурасаңар да анын канча ичкендиги тууралуу айтып берет, анын жүргүнчүлүк номуру 1F, 1881 сапар, 2018-жылы тогуздун айынын жыйырма экисинде «Бишкек-Москва» сапарында учканбыз.

Медицинада аракечтиктин бир нече белгилери болот жана анын эң негизгиси эске тутуунун жоголушу менен жалгыз ичүү. Башкача айтканда «Өзүнө өзү» куюп ичет. Менин ичпегендигим көптөргө белгилүү, анын ичкендигин болсо, мен ага өзүнүн каналындагы дебатта эсине салып коём. Мен аны маданияттуу адамдар катары телеберүүдө жоолугушууга чакырам жана ага канча ичкендигин, оозуна ак ит кирип, кара ит чыгып, Владимир Путинден бери ат койгондугун эсине салып коём».

Бишкектин мурунку мэри ошону менен бирге Атамбаев президентти урушуп койсо эле Жээнбековдун чөнтөк президент экендиги тууралуу факт өзгөрүп кетпейт деп белгиледи.

«Анын алдына жеке достук менен элдин кызыкчылыгы коюлганда, ал элди тандады. Ошондуктан Сооронбай Шарипович элдин урматына татыды. Ал эми Атамбаевдин алдына көп жылдык достук менен өзүнүн жеке кызыкчылыгы коюганда, ал экинчисин тандады», - деп сөзүн бүтүрдү Түлеев.

Сүрөт www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх