Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Руслан Казакбаев: Жакын арада Бабанов Кыргызстанга кайтып келет

«РАЖ» фракциясынын депутаты мурунку президенттин, азыркынын жана бабановдун ортосунда үч тараптуу келишим болгон. Акыркысы өз милдетин аткарды деп ишенет

«Республика - Ата Журт» фракциясынын депутаты Руслан Казакбаев Vesti.kg сайтына Алмазбек Атамбаевге барып Өмүрбек Бабановго карата кылмыш ишин токтотууга жардам берүүсүн өтүндүм деп ырастады.

- Экс-президенттин өз интервьюсунда айткандары чындык, - деп белгиледи ал. - Бул сүйлөшүү кайсы айларда болгону менин эсимде жок, бирдин айы же жалган куран болсо керек эле. Чынын айтканда, мен Атамбаевди биздин маек тууралуу ачык айтып салат деп күткөн эмесмин, - деди ал. - Бирок, эми мага жашыра турган эч нерсе калган жок. Биз ошондо бул кылмыш иши саясий боёк экендигин далилдегенбиз. Экс-президенттин интервьюсунан кийин, чамасы бул элдин баарына белгилүү болду бейм.

Руслан Айтбаевич Алмазбек Атамбаев менен болгон сүйлөшүү оңойго турбагандыгын кошумчалады.

- Бабановдун кетиши өлкөдө кырдаалдын стабилдешүүсү жана жаңы бийликтин тамыр алышы үчүн керек болчу, мунун жашыра турган нерсеси жок, - деп түшүндүрдү. - Мен ошондо азыркы жана мурунку президенттер бул маселени келишип чечкиле дегем. Мен эксперттердин корутундуларын көрсөтүп, сурангам. Шектенүү бир гана экспертте болгон. Бирок кадыр барктуу комиссия Бабановдун сөзүндө эч кандай кылмыштуу нерсе жок деген корутунду чыгарышкан. Мен Атамбаев менен маектешкенден кийин УКМК жетекчилери жана Башпрокуратура менен жоолугушкам.

Казакбаев ошол мезгилде Сооронбай Жээнбеков менен да сүйлөшүү жүргүзгөндүгүн кошумчалады.

- Президент менен да жоолугушуп, көпкө пикир алыштык, - дейт ал. Бирок мен биздин маектин маңызын жарыя кыла албайм. Бул адепсиздик болот. Эгерде мамлекет башчы өзү кааласа ал маалыматты жарыя кыла берсин.

Руслан Казакпаев ошондой эле Өмүрбек Бабанов менен да дайыма байланышта болуп тургандыгын билдирди.
- Биз сүйлөшүп турабыз, - деди ал. - Бирок, күн сайын эмес. Өмүрбек Токтогулович Кыргызстанга келем деп үмүт кылат. Качан экендигин мен билбейм, бирок ал жакын арада келет Кыргызстанга. Ал эми кылмыш иши тууралуу айта турган болсок, Бабанов эч кайда качкан эмес, жөн гана көпкө жок болуп кетти. Азыркы, мурунку мамлекет башчылардын жана Бабановдун ортосунда үч жактуу келишим болгон. Бабанов өз милдетин аткарды.

Эске сала кетели, кечээ Алмазбек Атамбаев «Апрель» телеканалындагы өз интервьюсунда Өмүрбек бабановдун иши токтотулушу керек деп айтты.
«Он-Адырдагы Бабановдун айткан сөзү элдин кыжырын кайнатты, бирок башка жагынан алып караганда, эксперттер ал сөздөрдөн кылмыштын белгилерин тапкан эмес. Баары эмоциянын айынан болгон. Ал биримдик үчүн мандатын да тапшырып, өлкөдөн чыгып кетти», - деп эскерет экс-президент.

Атамбаев жалган куран айында ага Руслан казакбаев келип кылмыш ишин токтотууну суранды деп айтты.

«Мен Казакбаевдин көзүнчө Абдиль Сегизбаевге чалып, экспертизанын жыйынтыгы жарыя кылынды деп айттым. Бабановго тийешелүү ишти жабуу керек дедим. Сегизбаев иш бир аз созулуп жатат деп жооп берди. Чынын айтканда Бабановго рахмат айтыш керек. Бир жыл өттү, бир сөз да айткан жок, бир нерсе да кылган жок. Тынчтыкты, биримдикти бузууга аракет жасадыбы же? Ал менин сөздөрүмө ишенген, Сооронбай Жээнбековдун сөзүнө ишенген, алданды чынын айтканда. Мен аябай оңтойсуз болуп жатам», - деп сөзүн бүтүрдү мурдагы президент.

Вероника Малышева
Сүрөт www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх