Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Дастан Бекешев: «Мыйзамсыз баюу» беренесин Райымга карата колдонуш керек

Анын сөзүн экс-депутат Мадылбеков кубаттады, анын оюнча, кимдин байлыгы шектүү болсо, ошол чиновниктин үйүн ыкчам кызматкерлер тинтүүсү керек

Кыргыз Республикасынын Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовду мыйзамсыз жол менен байыгандыгы үчүн текшерүү керек. Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешевдин ою ушундай.

«Мыйзамсыз баюу» беренесин Раимге карата колдонсо болот. Ошондо көптөрү ишенет, - деп жазат Бекешев Twitter ги өз баракчасына.
Бул ойду Жогорку Кеңештин мурунку чакырылышынын депутаты Туратбек Мадылбеков Vesti.kg сайты ага комментарий үчүн кайрылганда колдоорун билгизди.

- Кыргызстанда акыркы 20 жыл ичинде коррупция жыл санап өстү, - деп билдирди ал. - Атамбаевдин башкаруу учурунда ал эң бийик деңгээлге жетти. Элдер ким кайсы кызматта иштеп, ошол жакты куруткандыгын эң сонун билишет.

Бул унаа Министрлиги, энергосектор, бажы жана башка мекемелер, ал жактарды убагында миллиондогон долларлар оңду, солду карай кеткен. Бул нерселер Дүйшөнбек Зилалиевге жана Райыбек Матраимовго тийешелүү. Кыргыз Республикасынын тарыхында ири чиновниктерди эч качан камашкан эмес. Азыр, менин оюмча эшик ачылды бейм.

Мадылбеков тийешелүү органдар кимдин байлыгы шек туудурса же мамлекеттик казынадан акчаны уурдагандыгы билинип калса текшерүү зарыл деп эсептейт.
- Андан кишилер тизмеде бар, - дейт ал. Менимче, укук коргоо органдары бул тууралуу билишсе керек. Кесипкөй, тажрыйбасы бар тергөөчүлөр жана ыкчам кызматкерлер тинтүү кылып, толук көлөмдөгү далилдерди чогултушса болот жана чиновниктерди жазага тартуу керек.
Бул тизмедеги кишилердин ар бири менен бир ай же ашып барса бир жарым ай иштеш керек. Ошондо баары табылат.

Медина Купсулдаева
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх