Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Азамат Арапбаев Кыргызстандагы медициналык жогорку окуу жайлардагы орундарды кыскартууну сунуш кылды

Депутат өзүнүн демилгесинин себебин дарыгерлердин айлыгынын аздыгы менен түшүндүрдү

Кыргызстандын медициналык жогорку окуу жайларындагы орундарды азайтуу зарыл. Ушундай деген сунуш менен парламенттин жыйынында депутат Азамат арабаев сөз сүйлөдү.

Анын сөзү боюнча, бул чара медицина кызматкерлеринин айлык акысынын аздыгына байланыштуу.

- Силердин бюджет 20 миллиард сом экендигин айтасыздар, - деп Арабаев саламаттык сактоо министрине кайрылды. - Бирок акыркы жылдары медициналык кызмат көрсөтүүнүн сапаты төмөндөп кетти. Дарыгерлердин элдерге жасаган мамилелери начар, башкы дарыгерлер ханга окшоп отурушат, ставканы 0,2% кылышып жана пара да алышат. Жаш адистердин айлыктары аз. Эгерде биз аларды каржылай албасак, келгиле анда кыскарталы. Бишкектеги, Оштогу мединституттардагы орундарды азайталы. Эмнеге аларды алдайбыз?
Анын кесиптеши Эльвира Сурабалдиева өз кезегинде Кыргызстанда камсыздандыруу системасын киргизүү зарыл экендигин белгиледи.

- Биздин мамлекетке 27 жыл болду, - деп эскертти ал. - Балким камсыздандырууну киргизээр мезгил келип жеткендир? Ал эми ооруканадагы коррупция дарыгерлердин айлыгын көтөрмөйүнчө жок болбойт.

Бүгүн жогорку Кеңеште «Кыргыз Республикасынын «2019-2020 жылдарга прогноз жана 2018-жылга КР өкмөтүнүн алдындагы атайын медициналык камсыздоо тууралу» мыйзамга түзөтүү киргизүүнү» талкуулоо болот.

Зулайка Эркимбаева
Сүрөт www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх