Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кулматовдун жактоочусу: Тергөөчү биздин көз алдыбызда экспертизанын көчүрмөсүн алып алды

Сергей Слесарев ага УКМК кызматкерлери документтер менен таанышканга жолтоо болушкандарын айтып берди. Ал Башпрокуратурага кайрылууга ниеттенип жатат

УКМКнын тергөө тобунун жетекчиси Кубанычбек Кулматовго жана анын жактоочусуна документтерди таанышуу үчүн берди. Бирок андан төмөнкү рангада турган башка бир тергөөчү аны ошол эле жерден кайра алып койду. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына жактоочу Сергей Слесарев билдирди.

- Биз документтер менен тааныша албадык, - деди ал. Мен бул тууралуу Башпрокуратурага жана сотко арызданам. УКМКнын капитан чининдеги улук тергөөчүсү мага документтерди берди, ал эми анын кесиптеши, лейтенант, менден аларды алып койду. Документтер колунда турган. Ал «Бербейбиз» деп айтты. Бирок ал кантип улук тергөөчүнү башкара алат? Ал документтер комиссиялык соттук-бухгалтердик, комплекстүү техникалык-курулуш жана сейсмологиялык экспертизалар болчу. Алардын көлөмү аябай чоң болчу. Бул жактоочулук ишмердүүлүгүмдү ишке ашырууга бут тосуу. Бул эмне деген иш аракет? Кулматов да таң калып калды. Ал карап турган болчу.

Кубанычбека Кулматова КР КК 346 беренеси «мыйзамсыз чек араны кесип өтүү» жана 350 берене «Документтерди, мамлекеттик сыйлыктарды, штамп, мөөр, бланка, жасалма жасоо жана колдонуу», ошондой эле 303 берене 1 б. Бишкек ЖЭБ жаңылоого дайындалган гранттык 2 миллион доллар каражатты максатсыз пайдалангандыгы (Коррупция) боюнча айыпталып жатат.

Медина Купсулдаева
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх