Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Нурзат Осмонова: Ушундай акмак парламенттин ашмалтайын чыгарбашы үчүн добуш бергиле

Мамытбай Салымбековдун келини Камчыбек Жолдошбаевдин анын үй бүлөсүнө карата айткан сөздөрүнө жооп кылды

Кечээ Жогорку Кеңештин тартип, кылмыштуулук менен күрөш жана коррупцияга каршы аракет боюнча комитети Дастан Бекешевдин экономикалык жана кызматтык иштери боюнча соттолгондорду бошотуу сунушун крап көрүштү. Талкуу жүрүп жатканда сөздү Камчыбек Жолдошбаев алып, Салымбековдордун үй бүлө мүчөлөрүнүн дарегине айыптөө сөзүн сүйлөдү.

Эл өкүлү ал бур туугандардын зордуктоо менен камалып, андан соң депутат болгон таржымалын жомокко салыштырды. Андан кийин Жолдошбаев Бекешевге кайрылып мындай деди: «Балким сиз ушундай учурларды да кошуп коёрсуз. Мындай учурда кандай болот?». Ага кесиптеши мен документте бир гана экономиаклык жана кызматтык кылмыштарды жазгам деп жооп кайтарды.

Бирок Жолдошбаев өз оюн уланта берди. Ал Салымбековдордун бир туугандарынын бири баласына Жогорку соттун төрагасы Курманбек Осмоновдун кызын алып бергендигин айтты.

-Камчыбек Жолдошбаев дайыма Салымбековдорго асылат, - дейт Vesti.kg сайтына Жогорку Кеңештин мурунку депутаты, Мамытбай Салымбековдун келини Нурзат Осмонова.

Ошону менен бирге ал депутат Жолдошбаев менен анын жеке мамилеси дайыма достук мамиледе болгондугун баса белгиледи.

- Бул адамдын сүйлөгөнүнө такыр көңүл бөлбөй койсом деле болмок, - дейт Осмонова. - Бул кезектеги элдердин кимди шайлап алгандыктарын көрүү мүмкүнчүлүгү. Ошондуктан шайлоого баруу абадан маанилүү, болбосо ушуга окшогон акмактар парламенттин ашмалтайын чыгарат! Анын биздин атабызга эмнеге эле асыла бергенин биз билбейбиз. Менин күйөөмдүн үй бүлөсүнүн бул киши менен болгон мамилеси мага белгисиз. Жолдошбаев биринчи жолу эле Салымбековдорго асылып жаткан жери жок. Парламентте этика жана регламент комитети бар. Кээ бир депутаттардын жүрүш турушуна көз салсын. Чамасы, мындай кишилер болбосо элдер зеригип кетишмек. Жолдошбаевдин сөзү мыйзам долбоорго эч кандай тийешеси жок. Чамасы анын түшүнө Салымбековдун бир туугандары депутат болуп кирип жатат окшойт. Бир эле менин күйөөм БШК депутаты. Ким айта алат экен ошону татыксыз деп? Менимче көп депутаттар Жумабек Мамытбаевич аймагына кылып койгон нерсени кыла элек болуш керек. Бул жерде бизге асылганга анын алтургай моралдык да укугу жок. Менимче мунун артында кимдир бирөө турат.

Ошону менен бирге Нурзат Курманбековна Камчыбек Жолдошбаев өзүнүн милдетин билбейт окшойт деп шекшинет.

- Ал кишинин депутаттык милдетин билбегендиги мени өкүндүрөт, - деп билдирдиэл өкүлү. - Ал мыйзам чыгарышы керек, отуруп алып бирөөлөрдү чукулабай. Чамасы, ал бирөөлөрдөн өч алайын деп депутаттык креслого отурган окшойт. Бул бийлик үчүн уят! Элди ким ойлойт?

Сөзүнүн акырында Нурзат Осмонова Жолдошбаевдин Салымбековдордун улуту уйгур деген сөзүн четке какты.

- Көрсө, менин да балдарым уйгур турбайбы анда, - деп ал чыны менен чычалап кетти. - Бул мен үчүн күтүлбөгөн жаңылык болду. Бул кишинин логикасына башым жетпей калды. Мыйзам долбоорго улуттун кандай тийешеси бар? Түшүнүксүз. А эмне уйгур адам эмеспи? Салымбековдор - кыргыз. Бул талашсыз. Болгондо да, алар мекенин сүйгөн кыргыздар. Алар өлкө үчүн кылганды Жогорку Кеңештин 120 депутатынын жана Бишкек шаардык кеңешинин 40 депутатынын ичинен бирөөсү да кыла элек.

Медина Купсулдаева
Сүрөт www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх