Зилалиевдин банктык ячейкасынан акчаны алган видео бир жыл мурда тартылган
Мурунку вице-премьердин банк менен болгон келишими бүтүп калган
Мурдагы вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиевдин банктык ячейкасынан алынган акчанын видеосу 2017-жылы тартылган. Бул тууралуу журналисттерге «Оптима банктагылар» билдиришти.
Банктын расмий билдирүүсүндө сейфтин ячейкасын ачуу укук коргоо органдары тарбынан кардардын көзүнчө болгон деп айтылат.
«Бул видео бир жыл мурун төмөндөгүдөй кырдаалда тартылган: кардардын сейф ячейкасын ижарага алуу убактысы өтүп кетти, - деп билдиришти каржы мекемесинен. - Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын көрсөтмөсүнө ылайык анын ичиндегини алууда банк кызматкерлери баарын видеого тартуусу абзел. Андан соң видеожазууну жана ячейкадагыны кардарга берүү керек. Кардарга 1 ай мурун кабар берилген болчу, бирок ал ячейкадагыларын алганы келген жок. Ошентип, бул видео жумуш процессинин алкагында банктын жооптуу кызматкерлери тарабынан тартылып кардарга өткөрүлүп берилген. Көрсөтмө ушуну талап кылат».
Банк кардардын алдындагы бардык милдетти аткардык деп ырасташат. Эч кандай мыйзам бузуу болгон жок жана баары КР мыйзамына , Улуттук банктын процедурасына, талабына ылайык болду деп ырасташат.
«Банк банктын жашыруун сырын камтыган маалыматтарды сактап, сыртка чыгарбоо боюнча талапты так аткарат. «Оптима Банк» ААК маалыматты тергөө органдарына жана ЖМКга берүүгө эч кандай тийешеси жок», - деп айтылат билдирүүдө.
Эске салсак, кечээ УКМК маалымат кызматы экс-вице-премьер Дүйшөнбек Зилалиевдин банктык ячейкасын ачуудагы видеону таркатты.
Мурда чекисттер мурдагы бийик даражалуу чиновниктин үйүн тинтүүгө алышкан, иштин жүрүшүндө 2 млн. 900 миң сом жана 100 миң доллар нак акча, баалуу сааттар, ошондой эле бир дөбө үйүлгөн күбөлүктөр табылган.
Дүйшөнбек Зилалиевди «Манас» аэропортунан өлкөдөн качып чыгып кеткени жатканда кармап алышты.
Башпрокуратура чиновникке карата КР КК 308-1 беренеси 2 б. 2 п. «Жоопкерчиликтүү кызматтагы адамдын мыйзамсыз баюусу» менен кылмыш иши козголду. Аны УКМКнын тергөө абагына 2 айга камакка алышты.
Сүрөт www