Кийинки премьер-министр Бабанов болуп калышы мүмкүнбү?
Депутаттар жана саясат талдоочулар Мухаммедкалый Абылгазиев министрлер кабинетин кармап кала алган жок деп эсептешет
Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин өкмөтү чамасы, жаңы жылдан кийин кетет окшойт. Мындай деген пикирин мурунку Жогорку Кеңештин депутаты Алишер Мамасалиев «Марал» радиосуна берген интервьсунда айтты.
Анын сөзү боюнча, азыркы министрлер кабинети мурункулардай боло албай жатат.
«Өкмөт жаңы жылга чейин иштеп туруп, анан кетет, муну баары билип турушат, - дейт мурунку депутат. - Премьер-министрдин жоопкерчилигин комиссия карашы керек. Чиновник өтө чоң сумма менен кармалып жатат - бел коомчулук үчүн чоң коогалаң».
Кеп жол жана унаа министринин орун басары Азимкан Жусубалиев тууралуу болуп жатат. Ал 50 миң доллар өлчөмүндөгү пара менен кармалып отурат. Ал кандайдыр бир чет элдик фирманын кызыкчылыгын коргомок болгон, ошол акысына акча алган. Бирок бүтүндөй министрлер кабинетинин отставкага кетишине ушул негиз болуп бере алабы? Саясат талдоочулар Vesti.kg сайты менен болгон маегинде депутат менен макул болушту.
- Ал туура айтып жатат, өкмөттүн келе жаткан жылдын башында отставкага кетүү ыктымалдуулугу өтө жогору, - дейт Vesti.kg сайтына саясий маселелер боюнча экстерт Марс Сариев.
- Алынган паралар тууралуу маалыматтардын толкуну көптөгөн чиновниктерди өз милдетин аткарууга болгон моралдык укугунан ажыратат.
Саясат талдоочу ушул жазда Өмүрбек Бабанов саясий аренага кайтып келет деп болжолдойт. Мурдагы премьер бул креслону алышка ат салышат, алтургай болуп да алышы ыктымал.
- Алмазбек Атамбаевдин Бабановдун дарегине карата арык чаап сүйлөгөн сөзү аны өзүнө тартайын дегендик эмес. Аны көптөрү туура эмес түшүнүп жатышат, - деп эсептейт ал. - Ушундай жол менен экс-президент мурунку куугунтуктаган кишисинин алдында жойпуланып жатат. Ал Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновду да жактап сүйлөп жибериши мүмкүн.
Саясат талдоочу Марат Казакпаев өкмөттүн отставкасы тууралуу маселе көптөн бери тургандыгын жана буга көптөгөн себептер бар экендигин белгиледи.
- Премьердин колунан эчтеке келген жок, - дейт ал Vesti.kg сайтына. - Анын көзгө көрүнө турган бир да иши жок. Ошол эле «Коопсуз шаарды» алалы. Сүйлөшүүлөр дайыма эле болуп жатат, анан эмне болду? Анан да коррупциялык баюулар - мисалы, Азимкан Жусубалиев.
Депутат Аида Исмаилова («Республика – Ата-Журт»)
министрлер кабинетинин отставкага кетишин айта албашын белгиледи. Бирок ал башка Vesti.kg сайтынын маектештерин колдоду. Өкмөттүн ишинде көптөгөн суроолор бар.
- Мисалы, мен билим берүү Министрлиги менен саламаттык сактоо Министрлигинин ишине канааттанбайм, - дейт ал Vesti.kg сайтына. -ҮМБ системасындагы бул реформа сөрөйлөрдүн экономикалык негизи жок. Билим берүү Министрлиги чыгарган окуу китептери тууралуу уктуңар да: география китебинде жер титирөө кыртышка байланыштуу болот деп жазылган. Мындай китептер балдардын башын гана айлантат.
Кыскасы, депутат министрди жөн эле кызматтан алып тим болбостон, аларга багыт берип, түшүндүрүү керек.
- Бирок биз бул тууралуу ал министрликтерге жетишээрлик жаздык, каталарын көрсөтүүгө аракет кылдык, - дейт Исмаилова.
Ольга Федорчук
Сүрөт www