Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Жогорку Кеңештин депутаты: Улуттук банктын төрагасы отставкага кетиш керек

Толкунбек Абдыгуловду кечилген ссудалар үчүн кечире алышпайт

Жогорку Кеңештин депутаты Абдывахап Нурбаев Кыргызстандын Улуттук банкынын төрагасы Толкунбек Абдыгуловду иштен бошотууну сунуш кылды. Мындай сунушту эл өкүлү парламенттин жыйынында айтты.

Нурбаев КРУБ төрагасынын 4,8 миллион сом өлчөмүндөгү ссудасын кечип жибергенге кайрадан нааразычылык билдирди.

- Сиз ссуданы канча пайыз менен алдыңыз эле? - деп сурады ал Абдыгуловдон. - Дагы канча жарандын банктан алган акчалары кечилди? Сизге уят эмеспи? Сиз эң жогорку айлык акыны аласыз. Анын үстүнө мамлекет карызга батып турса, сиздин болсо ири суммадагы ссудаңызды кечип жиберишиптир. Сиз ушуну туура деп ойлойсузбу?

КРУБ төрагасы өз кезегинде ссудалар карапайым адамдардыкы да кечилгендигин айтты.

- Сиз уялбайсызбы? эмнеге ушул убакка чейин отставкага кетпейсиз? - деп улантты депутат. - Карапайым жарандардын ссудасын кечпейт. Мугалимдер 6 миң сом айлык алат, ал эми кредитти төлөө үчүн туугандарынан карыз алышат. Ал эми сиз болсо 200 миң айлык аласыз, ошол эле учурда мамлекет карызга батып турат. Сиздин бетиңиз чымырадыбы сиздин 5 миллион сомдой карызыңызды кечип жибергенде?

Нурбаев сөзүнүн аягында парламенттин вице-спикери асель Кодурановадан Абдыгуловду иштен бошотсо болобу деп кызыгып сурады.

- Мен тийешелүү нормаларды тактап туруп, сизге жооп берем, - деди Кодуранова.

Зулайка Эркимбаева
Сүрөт www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх