ИИМдин мурдагы башчысы Молдомуса Коңгантиевге каршы кылмыш кайрадан ишин козгошту
Башпрокуратура жетинин айынын аягында эле ушундай чечимди кабыл алган болчу
ИИМдин мурунку башчысы Молдомуса Коңгантиевдин иши андан аркы териштирүү үчүн УКМКга жөнөтүлдү. Бул туурасында Vesti.kg сайтына Башпрокуратуранын маалымат кызматы билдирди.
- Башпрокуратура улуттук коопсуздук Мамлекеттик комитетинин Молдомуса Коңгантиевге карата кылмыш ишин токтотуу тууралуу чечимин жетинин айынын отузунда эле жокко чыгарган, - деп түшүндүрдү башкы көзөмөл органындагылар.
Эске салсак, мурда Vesti.kg сайты Сооронбай Жээнбеков ИИМдин мурдагы башчысы Молдомуса коңгантиевдин ишин өткөн жайда Башпрокуратурага изилдеп чыгып укуктук баа берүү үчүн тапшырма бергендигин жазган эле.
Молдомуса Конгантиев КР КК 316 бер. 1 б. (Шалакылык) жана 305 берене 2 б. 2,4,5 пункттары боюнча (Кызмат абалынан ашыра пайдалануу) айыпталган.
Бирок иликтөө иштери ушул жылдын теке айында токтотулган болчу.
Вероника Малышева
Сүрөт www