Президенттин маалымат кызматы Жээнбеков жылдын аягында журналисттер менен жоолугаар, жоолукпашын билбейт
«Эгерде жоолуга турган болсо, билдирип коёбуз»
Кыргыз Республикасынын президентинин аппаратынын маалымат кызматы Сооронбай Жээнбеков жаңы жыл алдында жыйынтыктоочу маалымат жыйынын өткөрөбү же жокпу билбейт.
Vesti.kg сайты ушул суроо менен мамлекет башчынын маалымат катчысы Толгонай Стамалиевага кайрылып, төмөнкүчө жооп алды:
- Эгерде жоолугушуу болуп калса, билдиребиз, - деп жооп берди Стамалиева.
Эске салсак, президент Сооронбай Жээнбеков расмий түрдө президенттик кызматка 2017-жылы жетинин айында киришкен.
Зулайка Эркимбаева
Сүрөт www
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз