«Алмаштыргыс адам болбойт». Депутаттар Абдыгуловдон ажырап калабыз деп корккон деле жок
Парламенттегилер Улуттук банктын жетекчилигине татыктуу бирөөнү издей бериш керек деп жатышат
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасы Толкунбек Абдыгулов өз ишин жакшы алып барат, ошондуктан аны кызматтан алуунун кажети жок. Мындай деген пикирин Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамов Vesti.kg сайтына кесиптеши Абдывахап Нурбаевдин КРУБ төрагасын кетирели деген сунушуна комментарий берди.
- Мен аны отставкага кетирели деген сунуштан алысмын, - дейт Икрамов. -Абдыгулов азыр өз ишин жакшы аткарып жатат. Анын ордуна келе турган татыктуу кадр барбы? Айта албайм бар деп. Мен аны билбейм.
Дагы бир депутат Бахадыр Сулеманов, тескерисинче, Улуттук банктын тңрагасын отставкага кетирүү сунушу туура берилди деп эсептейт.
- Эгер кеп кечилген сумма тууралуу болуп жатса, анда чындап эле талкуулаш керек аны. Бул албетте туура эмес болгон. Мындай иши үчүн Абдыгуловду отставкага кетириш керек. Жакшы адистер дайыма табылат. Алмаштыргыс адамдар жок, - деди Vesti.kg сайтына Сулейманов.
Ирина Карамушкина өз кезегинде эгерде Абдыгуловду кетирсек, анда жаш адистердин иштөөсүнө мүмкүнчүлүк берүүбүз керек деп белгиледи.
- Эгерде КРУБ уставынын алкагында болсо, анда туура эле болгон, башка да кызматкерлердики кечилген. Бул жерде мыйзам бузуу жок, - дейт ал Vesti.kg сайтына. - Ал эми кырдаалга моралдык көз караш менен караганда ал отставкага арызын бериши керек. Анын ордуна бир жаш адисти алып келүү керек. Чет элдик банкиштери боюнча жогорку окуу жайларды бүткөн балдар көп. Өзү негизи кызматка коюуда достук мамилени, жакындыкты, туугандыкты жана өзүн жаш кадр кылып көрсөтүүнү түп тамырынан жок кылуу керек.
Эске салсак, кечээ Жогорку Кеңеште депутат Абдывазап Нурбаев Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгуловду 4,8 миллион сом ссуданы кечтирип алгандыгын сындады. Ушул себептүү депутат Улуттук банктын төрагасын отставкага кетирүүнү сунуш кылды.
Зулайка Эркимбаева
Сүрөт www