Жактоочу: Молдомуса Коңгантиев сарсанаа болбой эле койсо болот. Бул жөн гана расмий учур
Икрамидин Айткулов 8 жылдан бери ал коргогон адамдын күнөөсүн далилдей албай келишкендигин эскерди
Мурдагы ички иштер министри Молдомуса Коңгантиевдин кылмыш иши боюнча иликтөөнү кошумча тергөө иштерин жүрүзүү максатында козгошту. Муну менен алар толук жыйынтык чыгарышмакчы. Бул ИИМ мурдагы башчысы үчүн расмий учур дейт Vesti.kg сайтына Икрамидин Айткулов.
- Мага расмий кабарлашкан жок, бирок менин билишимче, ишти сотко жиберүүгү мурункудай эле негиз жок, - деп түшүндүрдү ал. - Молдомуса Коңгантиевге каршы мурункудай эле эч нерсе жок. Сегиз жылдан бери эч нерсе тапай жатып, кантип эле эми таап алышсын?
Юрист анын душмандары мезгил мезгили менен ага кайсы бир жаман иштерди жармаштырууга аракет жасап жаткандыктарын баса белгиледи. Бирок ар жолу ал күнөөкөрлөк менен Коңгантиевдин ортосундагы байланыш жок экендиги ишти караганда далилденип калып жатат. - Ал эч нерседен кам санабай деле койсо болот, - деп ишенимдүү айтат Айткулов. - Башпрокуратура соттордун колун кайрып туруп айыптоочу өкүм чыгартып койсо деле болмок, бирок азыр бизде башка мезгил.
Эске салсак, мурда Vesti.kg сайты ИИМ мурунку башчысы Молдомуса Коңгантиевдин кылмыш ишин андан ары иликтөө максатында УКМКга өткөрүп беришкендигин жазган болчу.
- Башпрокуратура улуттук коопсуздук Мамлекеттик комитетинин Молдомуса Коңгантиевге карата козголгон кылмышы ишин токтотуу тууралуу жетинин айынын отузундагы чечимин жокко чыгарды, - деп түшүндүрдү башкы көзөмөл органы.
Мурда Vesti.kg сайты өткөн жайда ишти иликтөө токтотулгандыгын берген болчу. Президент Сооронбай Жээнбеков Башпрокуратурага ИИМ мурдагы башчысы Молдомуса Коңантиевдин ишин изилдеп чыгып тергөөнүн чечимине укуктук баа берүүгө тапшырма берген.
Мурунку министрге 2010-жылкы төңкөрүштө КР КК 316 беренеси 1 б. «Шалакылык» жана 305 берене 2 б. 2,4,5 пункттары «Кызмат абалынан ашыра пайдалануу» боюнча айып тагышкан.
Ольга Федорчук
Сүрөт www