Парламент Бабановдун ишин талкууга алгандан баш тартты
Көпчүлүк депутаттар кесиптешинин демилгесине каршы добуш беришти
Парламент мурунку президенттикке талапкер Өмүрбек Бабановго саясий куугунтук болуп жатабы деген маселени кароодон баш тартты. Мындай чечим бүгүн Жогорку Кеңештин пленардык жыйынында кабыл алынды.
Мурун кээ бир депутаттар жыйынга Башпрокуратура менен УКМК өкүлдөрүн чакырууну сунуш кылышкан, анткени алар Бабановдун кылмыш ишиндеги кырдаал боюнча отчёт беришмек.
Спикер Дастан Джумабеков бул маселени адегенде комитетте карап, анан пленардык жыйынга алып чыгууну сунуш кылды. Бирок депутат Максат Сабиров күч түзүмдөрүн кудум бүгүн чакыруу керек деп каршы болду. Анын демилгесин Руслан Казакбаев колдоду.
Жыйынтыгында көпчүлүк депутаттар болуп жаткан пленардык жыйында бул маселени карабоого добуш беришти.
Сүрөт www