Өмүрбек Текебаевди кайрадан колониядан ооруканага алып чыгышты
ЖАМКлар камактагынын кардиологияга которулуу себептерин айтып беришти
Соттолгон экс-депутат Өмүрбек Текебаев Улуттук кардиология борборуна текшерүү үчүн которулду. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына ЖАМК маалымат кызматы билдирди.
- Текебаев бүгүн эртең менен дарыгерлердин чечими менен текшерүү үчүн которулду. Эгер зарыл болсо, ооруканага жаткырылат, - деп маалымдайт мекемеден.
Эске салсак, «Ата Мекен» фракциясынын мурдагы лидери Өмүрбек Текебаев №47 колонияда жаза мөөнөтүн өтөп жатат.
Ал мурда да Улуттук кардиология борборунда дарыланган болчу.
Зулайка Эркимбаева
Сүрөт www
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз