Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Өмүрбек Текебаевди ооруканада төрт конвоир кайтарып турат

Саясатчыга мурдагы кесиптештери, аялы жана жактоочусу жоолугуп чыкты

Соттолгон Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Өмүрбек Текебаев Улуттук кардиология жана терапия борборунда ЖАМКнын төрт конвоиринин кайтаруусунда жатат. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына анын жактоочусу Таалайгүл Токтакунова билдирди.

Анын айтымында, мурдагы депутатка аялы, кесиптештери жана жактоочусу кире алат.

- Мен кечээ ага кирип чыктым, - дейт юрист. - Жаткан жерине Текебаевдин аялын жана кесиптештерин гана киргизет. Аялы дары жана тамак алып келет. Анын жүрөгүндө маселе болгондугу үчүн такай дарыгерлердин көзөмөлүндө турат.

Эске салсак, кечээ Өмүрбек Текебаевди №47 колониядан Улуттук кардиология жана терапия борборуна жүрөгүнүн ооруганына байланыштуу дарылаганы которушкан. Кийинчерээк дарыгерлер аны ооруканага жаткыруу чечимин кабыл алышкан.

ЖАМКнын маалыматы боюнча, депутаттын жүрөгүндө коронардык тамырдын оорусу, жүрөктүн керегелеринин чыңалуусу, күрөө тамырдын атеросклерозу, коронардык артериянын оорусу, ашыкча салмак, чиелешкен зоб жана эутиреоз дарты табылган.

Зулайка Эркимбаева
Сүрөт www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх