Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Аида Исмаилова: Бабанов саясаттан кеттим дебеди беле. Эмнеге анын маселесин кайра көтөрүп жатасыңар?

«РАЖ» фракциясынын депутаты эмне үчүн УКМК өкүлдөрүнүн парламентке келишине каршы добуш бергендигин түшүндүрдү

«Республика - Ата Журт» фракциясынын депутаты Аида Касымалиева  Vesti.kg сайтына эмне үчүн  «Республика - Ата Журт» УКМКнын өкүлдөрүнүн Жогорку Кеңешке Өмүрбек Бабановго тийешелүү кылмыш ишин талкуулоого келишине каршы болгондугун түшүндүрдү.

- Тергөө өз жыйынтыгын чыгарышы керек, ө деди эл өкүлү. - депутаттардын андан башка да маанилүү иштери толтура. Жеке адамдын маселесин пленардык жыйынга алып чыга берүү - жакшы практика эмес. Бабанов өзүнүн саясаттан кеткендигин жарыя кылбады беле. Ал маселени кайра көтөрүүнүн эмне кереги бар?

«РАЖ» фракциясынын дагы бир депутаты Пархат Тулендыбаев болсо эмне үчүн каршы добуш бергендиги тууралуу  Vesti.kg сайтына комментарий берүүдөнбаш тартты.

Эске салсак, Жогорку Кеңештин кечээ күнкү жыйынында саясий куугунтукта жүрөт имиш деген «РАЖ» фракциясынын экс-лидери Өмүрбек Бабанов тууралуу маселени кароодон баш тартышкан.

Медина Купсулдаева

Сүрөт www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх