Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Асель Кодуранова ЖМКдан өзүнүн мындан ары вице-спикер эмес экендигин билди

«Аида Касымалиеваны анын ордуна, чамасы, ийкемдүүлүгү үчүн коюп жатышат окшойт»

Жогорку Кеңештин вице-спикери Асель Кодуранованы вице-спикерликтен алганы жатышкандарын КСДП фракциясынын бардык эле мүчөлөрү биле беришпейт окшойт. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына депутат Ирина Карамушкина айтып берди.

- Кечээ жыйынды жыйыштырып салышып, фракциянын бардык аялдары БУУнун өкүлдөрү менен түштөнүүгө кетишкен, - деди Ирина Юрьевна.
- Бүгүн болсо, бул маселени шашылыш күн тартибине киргизишти. Бул жыйынга мен да, Асель Союзбековна да кирген жокпуз. Аны «жогору жакты» укпай, Бабановдун маселесин пленардык жыйынга алып чыккандыгы үчүн кызматтан алып салышты.

Эл өкүлү партиялаштарынын мындай кылганы жийиркеничтүү экендигин белгиледи.

- Бир аз эле адамдардын тобу, Кодуранованы өзүнө билгизбей туруп четтетип коюшту, бул сыйпатып айтканда, жакшы эмес, - дейт Карамушкина.

- Эч кандай себеп деле жок болчу. Кодуранованын өзү да бул чечимди ЖМКдан билди. Асель Союзбековна мага чалып, айта турган сөз да жок деди. Ал эми Аида Касымалиеваны болсо анын ордуна коюшту, чамасы аны ийкемдүүлүгү үчүн коюшту бейм.

Түшүндүрө кетели, КСДП фракциясы Асель Кодуранованы парламенттин вице-спикерлигинен алган чечим чыгарышты. Жыйын жабык эшиктин артында өттү. Кодуранованын ордуна «социал-демократтар» Аида Касымалиеванын талапкерлигин сунуш кылышты.

Вероника Малышева
сүрөт www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх