Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Банк уюму каржылык чалгындоонун иш аракети үчүн Кыргызстандын жетекчилигине арызданат

Каржы мекемелери КЧМКна эсеп жана ячейка ээлери тууралуу маалыматты берүүдөн баш тартышты. Бул мыйзамсыз талап дешет алар

Банк сектору каржылык чалгындоо Мамлекеттик кызматынын эсеп жана ячейка ээлери тууралуу маалыматтарды сураган талабына нааразы. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына «Кыргызстандын банктар уюмунун» төрагасы Анвар Абдраев билдирди.

- Кечээ биз банктардын жетекчилери менен жоолугушуп жана бул маселени талкууладык, - деп түшүндүрдү ал. - Каржылык чалгындоо кызматынын талабы конституцияга каршы келет. Биз мамлекет башчыга кайрылуу жасап, банктар мындай маалымат берүүгө милдеттүү эмес экендиги тууралуу айталы деп жатабыз. Биз буга караманча каршыбыз.

Анвар Карикеевич эч нерсеге карабастан каржылык чалгындоо кызматынын эсеп жана ячейка ээлери тууралуу маалыматты бештин айынын он жетисине даярдоосу керек болчу. Бирок маалыматты эч ким даярдаган жок.
- Жоолугушууга келген бардык жетекчилер даярдаган жокпуз дешти, - деп белгиледи ал.

Ал арада каржылык чалгындоо кызматынан бул боюнча комментарий алалы деген оюбуз ордунан чыккан жок. Мекеменин маалымат кызматы жеткиликтүү эмес болуп калды.

Түшүндүрө кетели, 24.kg маалыматтык сайты өздүк булактын шилтемеси аркылуу документтерди жарыя кылды, анда Кыргызстандын каржылык чалгындоо Мамлекеттик кызматы Кыргызстандын бардык коммерциялык банктарындагы эсеп жана ячейка ээлери тууралуу маалыматтарды берүүнү талап кылгандыгы жазылган. Ошентип мекеме банэсептеринин жана ячейкаларынын тизмесин түзүүнү көздөйт.

«Банктык эсептердин жана ячейкалардын тизмесин түзүү КЧИК талдоочуларынын ишин жакшыртып коммерциялык банктардын маалымат топтоо мөөнөтүн кыскартат жана жашыруун маалыматтын чыгып кетүү коркунучу азаят», - деп белгиленет документте.

Вероника Малышева
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх