Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Аймактарды өнүктүрүү жылында Кыргызстандын облустарында жашоо жакшырдыбы?

Жергиликтүү тургундар өз ойлорун бөлүштү

Узап бараткан 2018-жыл аймактарды өнүктүрүү жылы деп жарыяланган. Ушуга байланыштуу Vesti.kg сайты бул иштин аймактарда канчалык деңгээлде ишке ашкандыгын аныктоону чечти.

Ошентип, Жалалабаттын вице-мэри Майрамбек Адылбековичтин сөзү боюнча, 2018-жыл алар үчүн жемиштүү болду. Аймакта жер астынан өтмө жол курулду жана көп кабаттуу үйлөр курулуп жатат.

- Аймактарды өнүктүрүү жылынын алкагында бизде жаңы мектеп курулду, - дейт Адылбеков. - Жер астынан өтчү жол курулду, эки гемодиализ борбору жана жандандыруу бөлүмүн ачышты облустук ооруканада. Андан сырткары, психоневрологиялык борбордун имараты курулуп бүтүп калды. Ошондой эле көп кабаттуу үйлөр курулуп жатат. Мурун бизде мындай ири курулуштар болчу эмес.

Адылбеков Жалалабаттын тургундары эми коммуналдык кызматтын акысын төлөө жана пенсия үчүн кезекте турбай калгандыгын кошумчалай кетти.

- Эми пенсиялар банктык карточкаларга которулат, - деп белгиледи ал. - Ошону менен бирге «Тазалык» жана Шаарсууканал төлөөнүн электрондук системасын абонеттер үчүн киргизгендигин айтты. Шаарда эскирген суу түтүктөрү жаңыланып жатат, алар гранттардын жана кредиттик каражаттарга бүтүп жатат.

Ал ортодо Баткен облусунун тургундары эч кандай өзгөрүүнү сезбегендиктерин айтышат. жергиликтүү жарандык активист Роза Маманованын айтымында тескерисинче аймакта жашоо кыйындап кеткен. Мамлекеттик мекемелерде жана ооруканаларда коррупция күчөп кеткен.

- Баткен облусунун чиновниктери өкмөттүн аймактарды өнүктүрүү саясатын колдошкон жок, - деп билдирди ал Vesti.kg сайтына. - Бул жыл эч кандай майнап берген жок, тескерисинче бажыда коррупция күчөдү. Аткезчилик өөрчүп жатат. Мектептердин акыбалына болсо мышык ыйлайт. Класстарда 60тан окуучу. Балдар бакчасында болсо бир керебетке төрттөн бала жатат. ооруканага барсаң астанасын аттаганда эле акча сурашат.

Өз кезегинде ЫсыкөКөл облусунун Кара-Ой айыл кеңешинин жергиликтүү депутаты Гульнара Мамбеталиева аймактар чынында өнүгүп жатат дейт.

- Облустар өзү менен өзү өнүгүп жатат, - дейт ал Vesti.kg сайтына. - Элдердин аң сезими өзгөрдү. Кичи ишканаларды ачып башташты. Аймактарды өнүктүрүү жылынын алкагында Ысык-Көл районунда олуттуу деле өзгөрүү болгон жок. Бир жерлерде бир нерселер ачылса ачылгандыр. Башка облус, шаарларда болсо болуп жаткандыр.

Нарында да сүйүнө турган эч нерсе жок экен. Vesti.kg сайтына жергиликтүү укук коргоочу Эркин Асаналиевдин айтып бергенине караганда, аймакта негизги көйгөй - жумушсуздук.

- Өнүгүү 50 пайызга жүрүп жатат десе болот, деп белгиледи ал Vesti.kg сайты менен болгон маегинде. - Жолдор оңдолуп жатат, мамлекеттик обьктилер курулуп жатат жана укук коргоочулар үчүн үй курулду. Бирок бул мугалимдер менен дарыгерлерди капа кылды. Бизде Нарында, мисалы, канализациялык-суу түтүктөрүн орнотуп жатышат.

Курулушту алигиче бүтө элек. Менин оюмча аймактарды өнүктүрүү жылы максатына жете элек, анткени жумушчу орундар түзүлгөн жок, өндүрүшкө бир нерсе да ачылбады. Анан кантип экономика көтөрүлөт.

Белгилей кетели, бул жылды аймактарды өнүктүрүү жылы деп жарыя кылган жарлыкка 2018-жылы үчтүн айынын онунда президент кол койгон.

Зулайка Эркимбаева
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх