Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкек-Москва түз эфири

Спутник маалымат агенттигинде мигрант күнүнө карата Бишкек менен Москванын ортосунда атайын түз эфир уюштурулуп, ага чакырылган расмий өкүлдөр журналисттер менен мигранттардын суроолоруна жооп беришти

Түз эфирге Кыргызстан тараптан жалаң мигранттардан турган «Замандаш» бирикмесинин жетекчиси Абдирасул Айдаров, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Россиядагы жаңы дайындалган өкүлү Абдиш Коомбаев, Мамлекеттик миграция кызматынын миграция саясаты бөлүмүнүн башчысы Майрамбек Бейшенов катышты.

Ушул эле учурда Москвадагы «Россия бүгүн» студиясында Россия Федерациясындагы Кыргызстандын элчилигинин кеңешчи-консулу Эдуард Насиров, элчиликтин кеңешчиси Дастан Ниязалиев жана Мамлекеттик миграция кызматынын Москвадагы өкүлчүлүгүнүн башкы адиси Марлес Шаршеев түз эфирге чыгып, суроолорго жооп беришти.

Россия Федерациясынын шаарларында эмгектенип жүргөн мигранттар пенсия-пособие, Россияда ишкана ачкан ишкерлердин унаа ташуу жана жол маселелери, уюшкан кылмыштуулук, алдамчылык менен кылмыш кылгандар жана «Жүк-200»  маселеси боюнча суроолорду беришти.

Кеңешчи-консул Эдуард Насиров бардык маселелер боюнча мыйзам ченемдүү иш-чаралар жүргүзүлгөнүн айтып, ашыкча көйгөй жаратпаш үчүн ар бир мигрант чет жакка чыгууда бара турган жерин, орношо турган ишин алдын ала даярданып аныктап алышы зарылдыгын белгиледи.

Абдиш Коомбаев Россия Федерациясынын аймагында өз жердештерин тоноп каракчылык кылган кылмыштуу топтор аныкталып, бүгүнкү күндө алар кармалганын айтты.
Майрамбек Бейшенов Россияда эмгектенген мигранттарга медициналык камсыздандыруу каралганы менен алардын бала-чакасына тилекке каршы медицина азырынча толук акы төлөө менен жүргүзүлүп жатканын айтты.

Буга чейин социалдык тармактарда иш издеп барган жоон топ мигранттар алданып көчөдө калганы жана авиакассалардан электрондук билет алганы менен учпай орто жолдо калып кеткен жарандардын тасмалары жарыяланып, катуу талкуу жүргөн. Ал маселелерден кабардар экенин билдиришкен элчиликтин кеңешчилери бул жаатта иштер жүргүзүлүп жатканын билдиришти. Түз эфир Спутник агенттигинин Фейсбуктагы баракчасы аркылуу көрсөтүлдү.

Бул чыгарылыш «Карылардын ресурстук борбору» АК тарабынан ишке ашырылуучу «Мигранттарды укуктук жана маалыматтык жактан өнүктүрүүнүн комплекстүү системасы жана алардын укугун биргелешип коргоо» мыйзам долбоорунун алкагында чыкты

Акылай Рахматулла

сүрөт www

 

 
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх