Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

«Декларациялоо тууралуу мыйзамга түзөтүү киргизүү - бул жөн эле көрсөтмө»

Эксперт сунуш кылынган өзгөртүү Кыргызстандагы бардык жарандар кирешеси тууралуу маалымат бермейинче ишке кирбейт дейт

Өкмөт декларациялоо тууралуу мыйзага киргизгени жаткан түзөтүү иштебейт, анткени бардык жарандар кирешеси тууралуу маалымат бербейт. Мындай деген пикирин Vesti.kg сайтына салык жаатындагы эксперт Рита Карасартова бөлүштү.

- Сунуш кылынган түзөтүү - жөн эле көрсөтмө, элдин баарын декларацияламайынча бул иштебейт, - дейт ал. - Мыйзамга кантип «жакын тууганы» деген түшүнүктү киргизебиз, эгерде, мисалы, чиновниктин кызы 16 жашка чыга элек болуп, эч нерсесин декларацияда көрсөткөнгө милдеттүү эмес болсо.

Ошондо бул норма тандап гана иштей турган болуп калат. МСК соцтармактагы билдирүүлөргө карап декларацияны текшергенге ниеттенип жатат. Ал эми ал жерде ар кандай Кулматовдор менен Зилалиевдерди гана жазышат, анткени алардын бийликке кереги жок болуп калган. Элдин баардыгын милдеттендириш керек декларациядан өтүшкө. Студенттен баштап пенсионерге чейин милдеттендириш керек. Анткени кудум ошол чиновниктер мүлктөрүн башкага каттатат.

Эске салсак, мурда Vesti.kg сайты президент Сооронбай Жээнбековдун тапшырмасын аткарууду декларациялоо жаатында мыйзамдаштыруу боюнча жумушчу топ түзүлүп, кызыкдар болгон министрликтердин менен мекемелердин эксперттери жана коопсуздук Кеңешинин катчылыгынын инспекторлору киришкен.

Жумушчу топ Кыргыз Республикасынын «Кирешени декларациялоо жаатында Кыргыз Республикасынын кээ бир мыйзамдык актыларына түзөтүү киргизүү тууралуу» мыйзам долбоорду иштеп чыгышкан.

Тактап айтканда, ал мыйзам долбоор «жакын тууганы» деген түшүнүктү киргизет, кимдин декларациясы текшериле турган болсо, ошонун негизинде толук текшерүү үчүн БСД 2 нен 7 чейин текшерет.

Мыйзам долбоорго ылайык, салык кызматы тарабынан толугу менен текшериле турган декларация ЖМКдан алынган маалыматтарга таянып милдеттүү түрдө текшерилет. Декларанттын же анын жакын тууганынын кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктөрү эгерде Кыргыз республикасынын мыйзамында көрсөтүлгөн эсептик көрсөткүчтөрдөн 20000 эсе баасы жогору болсо текшерилет.

Вероника Малышева
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх