Кыргызстандын консулдарынын шайыр жашоосу токтойбу?
Алардын дайындалышынын жоопкерчилигин Жогорку Кеңештин депутаттары өздөрүнө алууга даяр
Бардык мекемелердин жетекчилери Жогорку Кеңештин тийешелүү комитетинин макулдугу менен өтүшөт, анткени Кыргызстандын ардактуу консулдарына карата таң калыштуу деле процедура жок. Мындай деген пикирин Vesti.kg сайтына депутат Данияр Төлөнов («Кыргызстан») билдирди.
Жакында эле анын кесиптеши Каныбек Иманалиев ардактуу консулдарды Жогорку Кеңештин эл аралыык иштер боюнча комитетинин макулдугу менен дайындоону сунуш кылган. Анын оюнча, ардактуу консулдукту демейде Кыргызстандын жарандары жок мамлекетке курушат.
«Ачып эмне кереги бар? Бул коррупция да. Ушуну менен бизнес кылган жокпуз деп далилдеп бергилечи», - деп ал талап кылды тышкы иштер Министрлигинин статс-катчысы Айбек Мамакеевден. Ал Грузия менен Тайландга жаңы консулдардын шайланганын билдирген болчу. - Мага консул кафе ачкан факт белгилүү, ал эми мекендештеринин тагдыры аны кызыктырбайт.
Депутат ардактуу консулдарды кыргызстандыктар 10 миңден ашкан гана шаарларга ачууну сунуш кылды, ал эми аны дайындоо жана бекитүү Жогорку Кеңештин эл аралык иштер боюнча комитетинин макулдугу менен дайындалат.
- Мен алар менен макулмун, Төлөнов Vesti.kg сайтына. - Чамасы бул зарыл нерсе окшойт. Жоопкерчилик бузулган учурда кандайдыр бир деңгээлде депутаттарга да күч келет бейм. Ал эми Иманалиевдинсунушу боюнча эл аралык иштер боюнча комитет аны өзүнө алат. Анткени биз маселени изилдеп чыгуу үчүн дайындоону артка кайтарып ала алабыз.
Максат Сабиров («Республика – Ата-Журт») кесиптешинин аргументтерине макул болот. Ал депутаттар кандай адам Кыргызстандын атынан ал жакка бара жаткандыгын билиши зарылдыгын белгиледи.
- Бул туура сунуш, - деп жооп берди ал Vesti.kg сайтынын суроосуна. - Жылына жок дегенде бир жолу чогулуп, ким кайсы жерде ардактуу консул болуп иштеп жаткандыгын текшерүү керек.
Анвар Артыков (СДПК) да Каныбек Иманалиевдин оюн кубаттады. Анын пикири боюнча, бул жааттагы өзгөрүүлөр өтө керек нерсе, анткени көзөмөлдөн жаман болуп кетпейт.
- Жок дегенде сапаты жакшырат, - дейт ал Vesti.kg сайтына. - Бекитүү процесси анчалык деле татаал эмес, ашыкча болбойт. Ошондуктан мен колдойм.
Бахадыр Сулейманов («Ата Мекен») Иманалиевдин идеясынын ишке ашышына жан үрөп сөз сүйлөдү. Эл аралык иштер боюнча комитеттин кандай адам Кыргызстандын кызыкчылыгын коргоп, башка мамлекетке консул болуп бараткандыгын билбегендиги - ага таң калыштуу болду.
- Ардактуу консулдун милдеттери бар, - деди ал Vesti.kg сайтына. - Ал эми алар ал жакта эмне менен алек болушат? Өзүнүн гана кызыкчылыгын коргогондор да болот. Элчилик макам алат, автоунаасына номер, элдерди кабыл алат. Азыр консулдар ТИМ тарабынан гана көзөмөлгө алынат, бирок алар өздөрүн жамандабайт да. Элчилер бекитилет, анан ардактуу консулдар жоопкерчиликти алсын дешет.
Ольга Федорчук
Фото www