Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Депутат президент Жээнбековдон Атамбаевге Кыргыз Республикасынын баатыры деген наамды бересизби деп сурады

Зарылбек Рысалиев азыркы президент менен мурдагы президентти элдешкиле деп суранды

Депутат Зарылбек Рысалиев эки президентти элдешүүгө чакырды. Ушундай билдирүүсүн ал Жогорку Кеңештин пленардык жыйынында билдирди.

Рысалиев адегенде Алмазбек Атамбаевге кайрылды:

«Мен мурдагы президентти каралайын деп чыкканым жок, тескерисинче, анын башкаруу мезгилиндеги жетишкендиктерди айтайын деп атам. Алмазбек Шаршенович, сиз 1916-жылкы кыргынга карата иш чара өткөрдүңүз, бизде көчмөндөр Оюну болду. Биздин өлкө тууралуу кеп кылышты. Сиз Ак куланы Сооронбай Шариповичке бердиңиз, эми тизгинин да бериңиз да».

Андан соң Зарылбек Кылычбекович азыркы президентке президенттик мезгил байкалбай эле өтүп кетет деп эскертти.

«Азыр сиз эл үчүн Манассыз, бирок алты жылга гана, - деп белгиледи Рысалиев. - Сиз аймактарды өнүктүрүү жана коррупция менен күрөшүү сыяктуу көп жакшы иштерди кылып жатасыз. Бирок сиз биринчи жардыгыңыз менен Алмазбек Атамбаевди Кыргыз Республикасынын баатыры деп сыйлагансыз. Аны эми бересизби? Бири бириңерди кечире турган мезгил келди. Эл ушуну күтүп жатат».

Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх