Жээнбеков: Бийликке кайра келгиси келип, мамлекетте башаламандык кылганы жатышат. Мен ага жол бербейм
Мамлекет башчы КСДПнын мурдагы эсепчисин коркутпагандыгын билдирди
Сооронбай Жээнбеков саясий технолог Алексей Василецкий менен биринчи жолу Ошто губернатор болуп турганда таанышкандыгын айтты.
- Мен анын башка өлкөнүн жараны экендигин билген эмесмин, - деп белгиледи президен бүгүнкү маалымат жыйынында. - Василецкий Фарид Ниязовдун жакын досу болчу. Кийинчерээк мен премьер-министр болуп калганда ал мага кеңешчи болду. Мен ага сенин кеңештериң керек эмес мага деп айттым, анткени программаны мен түзгөм. Мен анын иш тажрыйбасын четке кактым. Эгерде ал айткан акчаны алган болсо, анда эмнеге качып кетти. Кесин, жооп берип, жазасын тартсын.
Мамлекет башчы ошондой эле КСДПнын чет өлкөгө качакан эсепчисинин да таржымалын айта кетти.
-Надира Сатыкул кызы - кадимки кесипкөй, - деди Жээнбеков. - Мен аны 1999-жылдан бери билем, мен анда депутат болчум. Азыр болсо ага коркунуч туулуп жатат деп атышат. Мен «Аны таап, ким коркутуп атканын сурагыла» дедим. Мени коркутуп атат дешет. Мен тескерисинче анын мекенге кайтышына кызыкдармын. Бул жерде бир гана максат болуп жатат - стабилдүүлүктү бузуп, өлкөдө башаламандык кылуу, анан бийликке келүү. Мен буга жол бербейм.
Зулайка Эркимбаева
сүрөт www