Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Депутат «Акнет» тууралуу: «Каралар» менен «кызылдар» биригип алышып, басып алышты

Рыскелди Момбеков бул маселени Жогорку Кеңештин тийешелүү комитетинде карап көрүүнү сунуш кылат

«Акнет» компаниясын рейдерлик басып алуу маселесин Жогорку Кеңештин тийешелүү комитетинде карап көрүү керек. Бул тууралуу депутат Рыскелди Момбеков парламентте билдирди.

- Ал жерде «каралар» менен «кызылдар» биригип рейдерлик басып алуу кылышты, - дейт ал. - Бул маселени териштирүү зарыл.

Ошону менен бирге эл өкүлү Профсоюзный көчөсүндөгү үйлөрдү Бишкек мэриясы бузуп жаткандыгына нааразы болот.

- Элдер митингге чыгышты, анткени алардын үйлөрүн документтери бар экендигине карабастан бузуп жатышат, - деди Момбеков. - Анын үстүнө үйлөрдү кыштын күнү бузуп жатышат. Фашисттер да мындай кылышкан эмес. Бул үйлөрдүн ээлери депуттарга жардам сурап кайрылышты. Өкмөт ушул маселеге көңүл буруп койсун.

Вероника Малышева
сүрөт www

 

 

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх