Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

БШК экс-депутаты: Албек Ибраимов илинчек табуу үчүн 30 миң доллар сунуштаган

Жусупбек Коргонбай уулу кош жарандыгы бар үчүн мандатынан айрылган, бирок өмүрүндө орусиялык паспортту көргөн да эмес.

Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Жусупбек Коргонбай уулун кечээ мандатынан айрышты, ага негиз анын кош жарандуулугу. Бирок ал муну каралоо жана буйрутма деп эсептейт.

Жусупбек Коргонбай уулу Vesti.kg сайтына айтып бергендей, чынында эле ал Орусияда үч жыл иштеген, бирок ал жактын паспортун алган эмес.

- Ооба, мен 2003-2006 жылга чейин эмгек мигранты болгом Орусияда, - дейт ал. - Мен миллионердин баласы эмесмин, Акаевдин учурунда миграция толкуну башталганда, мен иштеп келүүгө кеткенге аргасыз болгомун.

Эми мурунку шаар кеңешинин депутаты болуп калган киши өзүнүн мандаттан ажырагандыгын ЖМКдан билгендигин айтты.
- Мага айтыша элек, - деп белгиледи Жусупбек Коргонбай уулу. - Бирок мен эч качан кыргыз жарандыгынан чыккан эмесмин жана орус паспортун көргөн да эмесмин. Бул иш боюнча мен сотко кайрылам. Азыр жактоочулар иштеп жатат. Кодекс боюнча менин дагы үч күнүм бар.

Андын сырткары, ушул иште Бишкектин мурунку мэри Албек Ибраимов кыйыр түрдө аралашып жатышы мүмкүн деп болжолдойт.

- Бир жарым-эки жыл мурун мага балдар келишип, сага Ибраимов бир илинчек тапкыла 30 миң доллар берейин, деп жатат дешти. - Анткени мен дайыма аны сындачумун. Алтургай Атамбаевдин тушунда да сындагам. Менимче кош жарандуулукту ошол ойлоп тапса керек. Бирок, мен шайлоодо да кимдир бирөөгө жолто болсом керек. Бул иштин буйрутма экендиги айдан ачык. Эмне, Орусияда жасалма паспорт кылбайт, баары жакшы дейсиңерби?

Эске сала кетели, кечээ Бишкек шайлоо комиссиясы Жусупбек Коргонбай уулунун ыйгарым укугун мөөнөтүнөн мурда токтоткондугу белгилүү болду.

Ага негиз болуп депутатта Орусия Федерациясынын паспорту бардыгы саналат. Аны Орусиянын адилет Министрлиги тастыктаган.

Зулайка Эркимбаева
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх