Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Ысык-Көлдө шамал уран казып алуудан чыккан уулуу заттарды учуруп кетет

Депутат Алтынбек Жунус улуу Балыкчыга жакын жердеги кенди башаламандыктын алдын алуу үчүн токтотууну сунуш кылат

Депутат Алтынбек Жунус улуу өкмөттөн Ысык-Көлдөгү уран казууну токтотууну суранат. Бул тууралуу ал Жогорку Кеңештин пленардык жыйынынды айтты.

- Балыкчыга жакын жерден элдин каршы болгонуна карабастан уран каза башташты, - деп белгиледи ал. - Катуу шамал уулуу заттарды көптөгөн чакырым алыстыктарга алып кетип жатат. Кен казуучулар болсо, аларды Кара-Балтага же Казакстанга алып кетебиз деп убада беришкен. Бирок ал жердин тургундары, калдык сактоочу жай куруп жатышкандарын ырасташат. Бизди экологиялык кыйроо күтүп жатат. Эгерде бул тууралуу башка өлкөлөр билише турган болсо, бизге туристтер келбей коюшат. Кенди жабуу керек, антпесе башаламандык болуп кетиши мүмкүн.

Вероника Малышева
Сүрөт www

 

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх