Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

«Адилет Министрлигинин жаңы эрежеси коррупциялык схемага алып келиши мүмкүн»

Мекеме нотариустар үчүн лицензия алууну татаалдантууну сунуш кылат

Адилет Министрлиги сунуштаган нотариуска лицензия алуучулардан экзамен алуунун жаңыча эрежеси коррупциялык схеманын түзүлүшүнө өбөлгө болушу ыктымал. Мындай деген пикирин Vesti.kg сайтына юрист, саясат илимдеринин доктору Канат Азиз билдирди.

- Нотариустар азыр өтүп жаткан тестирлөөнүн эмнеси жаман, түшүнүксүз? - деп таң калат ал. - Кудум ушул тестирлөө гана алардын кесиптик билимин так аныктап жана практикалык тапшырмаларды бергенге оңтойлуу го. Бирок аңгемелешүүдө лицензия берүүдөн баш тартып коюшу мүмкүн. Ошондо, мындай учурда адам фактору чечүүчү роль ойноп калат. Ошондуктан ноатиус болуп иштегиси келген юристтерди адилет Министрлигинин бул сунушун колдобогонго чакырам жана бул демилгеге жакшылап көңүл бурууңуздарды суранам.

Түшүндүрө кетели, адилет Министрлиги коомдук талкууга «нотариустук ишмердүүлүккө лицензия алууну каалагандар үчүн кесиптик экзамен алуу боюнча Кыргыз Республикасынын адилет Министрлигинин алдындагы Кесиптик комиссиясынын абалына өзгөртүү киргизүү жөнүндөгү» буйрукту алып чыкты.

«Жеке жана мамлекеттик нотариустук ишмердүүлүк менен алектенгендерди тандап алуудагы сапаттуулукту жогорулатуу максатында кесиптик экзаменден өтүүнүн үч этабы каралат, - деп белгиленет негиздөөчү тактамада. - Тактап айтканда, компьютерлик тестирлөө, практикалык тапшырма жана аңгемелешүү».

Белгилей кетүүчү нерсе, бүгүнкү күндө нотариустун лицензиясын алууга талапкерлер бир гана тестирлөөдөн өтүшөт.

Вероника Малышева
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх