Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкектин үстүндөгү эко-дрон: Сүрөттү эмне кылышат болду экен?

Эколог 2019-жылы үчтүн айынан баштап шаардык обьектилерди кайтаруунун кереги жок болуп калат деп эскертти

Асмандан Бишкектин экологиялык абалын байкап туруу - эң сонун ой, бирок буга бир нече каршылыктар бар. Vesti.kg сайты мурда чыгарган токой чарба жана айлана чөйрө Мамлекеттик агенттигинин демилгисине карата экология жаатындагы эксперт Олег Печенюк өз пикирин бөлүштү.

- Бул нерсенин канчалык кереги бар экендиги квадрокоптердин техникалык мүнөздөмөсүнөн көз каранды болот, - деп түшүндүрдү ал. - Эгерде ал абанын курамында уулуу заттар бар экендигин аныктаса, анда эң жакшы болот. Анализдерди изилдеп, жыйынтык чыгарууга болот. Эгерде андай болбосо, анда ТЧ жана АЧМА жөн эле тартылган сүрөткө ээ болуп калат. Анан ал сүрөттү эмне кылат?

Эколог 2019-жылы үчтүн айынын биринен баштап ар кандай текшерүүлөргө тыюу салуу күчүнө кирет. Бул деген Мамлекеттик агенттиктин кызматкерлери кара түтүндү көрүп туруп, ал жакка текшерүү жибере албайт деген сөз. Ал жакта резина жагып жатабы, де эмне жагып жаткандыгын биле алышпайт.

- Эгерде текшерүү болбосо, анда эч кандай жардам деле болбойт турбайбы, - деген жыйынтыкка келет эксперт.

Эске сала кетели, мурда Vesti.kg сайты ТЧ жана АЧМА Бишкектеги экологиялык кырдаалга сурамжылоо кылгандыгын маалымдаган болчу.
«ТЧ жана АЧМА кызматкерлери күн сайын бишкектин борборунда жана борбордук көчөлөрдө, бардык кичирайондордо жана жаңы конуштарда, мончолордо, сауналарда, ошондой эле борбор шаарыбыздын ири базарларында, ишканаларында автранспорт каражаттарынын нормадан ашыкча абага түтүн чыгарышы боюнча, мыйзамсыз токтомо жайлар, тыгындар, жол эрежесин бузуулар, дөңгөлөк өрттөө, тигүү өнөр жайы тууралуу учуучу дрондор аркылуу мониторинг кылаарын билдирген».

Бардык тартылып алынган видеолор жана сүрөттөр, тийешелүү органдарга жөнөтүлөт (Мамэкотехинспекция, ИИМ, ЖКККМК ж.б.) жана андан ары ыкчам жана тез чаралар көрүлүп, айыптуу адамдар административдик жоопко тартылышат.

Ольга Федорчук
Сүрөт www

 

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх