Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Айнура Темирбекова: Орунду бошото турган мезгил келди

Кыргыз Республикасынын маданият министринин орун басары эс алууга кетүүнү чечти

Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары Айнура Темирбекова ээлеген кызматынан бошоп кетүүнү чечти. Бул тууралуу ал фейсбуктагы өз баракчасына жазды.

«Мен Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана туризм министринин орун басарлык кызматынан кетүүнү чечтим. Ким менен чогуу иштеген болсом, чогуу бир долбоорлорду ишке ашырган болсок баарыңарга терең ыраазычылык билдирем. Беш жылдын ичинде мага ар кандай өкмөт башчылар, депутаттар, вице-премьерлер жана министрлер менен иштөөгө туура келди. Жогорку Кеңештин эки чакырылышынын депутаттары менен иштештим, андан сырткары жетекчилер, президенттин аппаратынын кызматкерлери, өкмөт жана парламент, бир катар министрликтер менен мекеме ишканалар менен иштештим. Баарыңыздарга мага ишеним көрсөтүп, дайыма жардам көрсөтүүгө ынтызар болгондугуңуздарга ыракмат. Эл аралык ЭККУ, Интерньюс, Кыргызстан Сорос фонду, UNDP медиуюмдары жана медиаэксперттер, телевизиондук базардын катышуучуларына өзгөчө ыраазычылык билдирем.

Биздин биргелешкен иш аракеттерибиз жаңы инфраструктураны жана ТВ-индустриядагы өнүгүү мыйзамын алып келди. Кыргызстандагы чет элдик элчилик миссия аткарып жүргөндөргө, кызматташтык жана маалымат менен маданият жаатындагы келишимдер үчүн ыразычылык билдирем. Чет элдик кесиптештериме байланыш жана достугу үчүн ыракмат айтам! Ар бири өз ордунда ар күн сайын эрдик көрсөтүп жаткан аймактардагы маданият жана маалымат кызматкерлерине башымды ийип таазим этем. Кимде ким мамлекеттик кызматта иштеп жаштарга өрнөк болуп жаткан болсо баарыңарга баш ийип таазим кылам.

Кетишимдин себеби - жаңы идеяларга жана мүмкүнчүлүктөргө орун бошотуунун мезгили келди. Мен кайсы гана тармак үчүн болбосун мындан ары да кызматташуу үчүн даярмын жана мындан ары да өлкөм үчүн пайдалуу болгум келет. Кыргызстанга жана кыргыз элиме кызмат кыламын. Сиздерге чоң ыракмат», - деп жазат Темирбекова.

Толкун Сагынова
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх