Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Жогорку Кеңештин депутаты: Музафар Исаков парламенттеги ордун эмнеге бошоткондугун өзүнөн сурасаңар болмок

БШК анын ордуна Өмүрбек Бакиров келээрин билдирди

Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынын депутаты Музафар Исаков БШКга өз ыйгарым укугун мөөнөтүнөн мурда токтотуу тууралуу арызын өз каалоосу менен жазды. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Кайрат Осмоналиев билдирди.

Анын айтымында, Боршайком анын арызын эртең карайт.

- Музафар Исаковдун арызы кечээ жыйын башталаарына 5 мүнөт калганда келип түштү, - дейт Осмоналиев. - Биз аны кабыл алдык, ал аппарат жана юридикалык бөлүм аркылуу өттү. Ал өзү ыйгарым укугун токтотууну суранып жаткандан кийин, албетте биз анын өтүнүчүн орундатабыз.


Кайрат Медербекович анын артында тизмеде депутаттыкка талапкер катары Өмүрбек Бакиров тураарын кошумчалады.

Кечээ биз Азиз Суракматовдун КСДП партиясынын атынан депутатыкка талапкерликтен чыгуу арызына кол койдук, - деп түшүндүрдү ал. - Ушуга байланыштуу тизме боюнча Жогорку Кеңештин депутаты Мирлан Бакировдун фамилиялашы Өмүрбек Бакиров келет.

Өмүрбек Бакировдун Жогорку Кеңештин V чакырылышында «Ата Журт» партиясынан депутат келгени белгилүү.

Ал эми Музафар Исаковдун өзү болсо ушул учурда комментарий үчүн жеткиликсиз.

КСДП фракциясы боюнча анын кесиптештери Vesti.kg сайтына Исаков эмнеге мандатын тапшыргандыгын билбегендиктерин айтышты.

Бирок, депутат Ирина Карамушкинанын болжолунда, Музафар Акматкожоевден ыйгарым укугуңду жыйнаштыр деп суранышкан болуу керек.

- Мен бул тууралуу кечээ уктум, бирок мындай чечимдин себеби эмнеде экендигин билбейм, - деди ал Vesti.kg сайтына. - Бирок мен ага карата бир жыл мурда кылмыш ишинин козголгондугун билем. Чамасы кимдир бирөө ага депутаттыгыңды жыйыштыр деген го. Эгерде чынын айтсам, мен биздин фракциядан дагы 15 адамды ушундай кылууну каалар элем. Алар сөз сүйлөбөйт, мыйзам долбоорлордо катышпайт, көптөрү кнопка басканы гана келишет. Болду да, отура беришеби. Башкаларга иштегенге мүмкүнчүлүк беришсин.

КСДП фракциясынын төрагасынын орун басары Төрөбай Зулпукаров да Исаковдун кетишине эмне себеп болгондугун билбейт экен.

- Мен түштүктө командировкада жүрөм, - деди ал Vesti.kg сайтына. - Кесиптештерим менен сүйлөшө элекмин, бул тууралуу уккан жокмун жана мындай чечим эмнеден улам экендигин да билбейм.

Эске салсак, 2017-жылы бирдин айында Жогорку Кеңештин депутаты Музафар Исаковго карата «Коррупция» беренеси менен кылмыш иши козголгон.

Исаков айыл өкмөтү болуп турган чакта айыл чарбасына дайындалган жерди үй курууга мыйзамсыз түрдө берип жибергендиги билдирилген.

Зулайка Эркимбаева
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх