Аида Салянованын мурдагы жактоочусу Атамбаев өзүнүн хан сарайын балдарга берет деп билдирди
КСДП пайда болгон маалымат тууралуу комментарий берди
Кыргызстандын экс-президенти Алмазбек Атамбаев Кой-Таштагы өз үйүн балдарга бакчага берет деген маалымат калп. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына КСДПнын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева билдирди.
- Тармакта пайда болгон маалымат калп, - деди ал. - Адегенде бул маалыматты «Телеграф» сайты тарката баштады. Анан бул маалыматты менден тактабай туруп расмий деп жаза башташты. «Хан сарайы» - бул чамасы, Атамбаевдин Кой-Таштагы үйү болсо керек, ал жерде өзү жашайт. Маалымат чындыкка дал келбейт. Андай чечим жок.
Түшүндүрө кетели, Аида Салянованын мурунку жактоочусу Улан Жумаков өзүнүн Твиттердеги баракчасына мына буларды жазып калтырган:
«Экс-президент Алмазбек Атамбаев өзүнүн хан сарайын балдарга өткөрүп берет, ал жерде балдар борбору түзүлөт, бул тууралуу жакында ЖМК расмий маалымдоолор болот», - деп жазган ал. (орфография жана пунктуация бузулбай сакталды)
Медина Купсулдаева
сүрөт www