Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Шыкмаматов: УКМКнын тергөөчүлөрүнүн кылмыш ишин токтотуу тууралуу буйругун алдым (сүрөт)

Депутат биринчи инстанцияда сот катуу болгондугун эскерет

Жогорку Кеңештин депутаты Алмамбет Шыкмаматовго карата «Коррупция» беренеси боюнча козголгон кылмыш иши токтотулду. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына эл өкүлү өзү билдирди.

Ал мурда Биринчи май райондук соту ага 5 миллион сом өлчөмүндөгү айып салган өкүм чыгаргандыгын эстеди.

- Биринчи интанцияда сот эмес эле жанчуу болгон, - деп эскерет эл өкүлү. - Мен Бишкек шаардык сотунда буга арыздангам, ал өз кезегинде биринчи инстанциянын чечимин жокко чыгарып жана ишти кайра кароого жиберген. Мага азыр УКМКнын мага карата козголгон кылмыш ишинин токтотулгандыгы тууралуу буйругу келди.

Документте кошумча жүргүзүлгөн иликтөөнүн жыйынтыгы боюнча, Шыкмаматовдун иш аракеттеринде кылмыштын белгилери жок экендиги аныкталды деп жазылган.

- Мен тендердик комиссиянын мүчөсү болгон эмесмин жана чечим чыгарган эмесмин, - дейт Шыкмаматов. - Мамлекетке зыян келтирген эмесмин.

Эске салсак, кылмыш иши мурунку Эсептөө палатасынын аудитору, азыркы депутат Алмамбет Шыкмаматовго 2017-жылы бирдин айында козголгон Башпрокуратуранын маалыматы боюнча, ал тендерлик заявкага аялынын машинасын кошуп койгон. Аны тендерден утуп чыккан «Барат люкс» компаниясына 13,5 миң долларга саткан. Көзөмөл органы ал автоунаанын чыныгы баасы 10 миң доллар болгон деп эсептеген.

Зулайка Эркимбаева
Сүрөт www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх