Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Жогорку Кеңеште Текебаев тууралуу китептин бет ачары болду. Китеп сатылбайт

Чыгармада Кыргызстандын 2000-2007 жылдардагы саясий турмушу чагылдырылган

Жогорку Кеңеште экс-депутат Өмүрбек Текебаевге арналып жазылган «Миссия» деген китептин бет ачары болду.

Чыгарма өзүнө очерктерди, статьяларды жана документтерди камтыйт, ал Кыргызстандагы 2000-2007 жылдардагы саясий окуяларды чагылдырат. Китептин тиражы - 1500 даана.

«Ата Мекен» фракциясынын депутаты Наталья Никитенко айткандай, китеп Кыргызстандын 25 жылдык тарыхый мезгилин өзүнө камтыйт.

- Ушул убакыттын ичинде көптөгөн маанилүү саясий чечимдер кабыл алынды, анын ичинде Башмыйзам да кабыл алынды, - дейт ал. - Ошолордун баарында Өмүрбек Текебаев катышты. Бул китепте Өмүрбек Чиркешовичтин кесиптештеринин эскерүүлөрү жазылган жана ошол убактагы кабыл алынган документтер көрсөтүлгөн.
Ушунун баары биздин замандашыбызга өлкөдө ушул убакыттын ичинде эмнелер болгондугун билгенге жардам берет.

Өз кезегинде депутат Каныбек Иманалиев китептин сатыкка чыкпай тургандыгын кошумчалады.

Вероника Малышева
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх