Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Абылгазиев биздин бийчилерге «America's Got Talent» телевизиондук долбооруна катышууга акча бөлүп берди

Премьер «Тумар» бийчилер тобунун катышуучулары менен жоолугушту

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Эрмек Кадыров башында болгон «Тумар» бийчилер тобунун катышуучуларын кабыл алды.

Жоолугушууга «Тумар» бийчилер тобун түзгөн бийчи Атай Өмүрзаков да катышты.

Жоолугушуунун жүрүшүндө мүмкүнчүлүгү чектелген белгилүү бийчилер мамлекет башчыга ар кандай эл аралык кароо сынактарга катышуудагы өздөрүнүн чыгармачылык пландарын айтышты.

Абылгазиев өздөрүнүн жөндөмдүүлүгү жана туруктуулугу менен акыркы жылдарда Атай өмүрзаков жаны «Тумар» тобу Кыргыз Республикасын даңазалап жатат, алар эл аралык сынактарда татыктуу катышып мекендештерине үлгү болгондугун белгилеп кетти.

Мамлекет башчы жаштардын арасындагы заманбап бийлерди таркатуудагы бийчилердин эмгегин белгилеп өттү.

Мухаммедкалый Абылгазиев «Тумар» тобунун катышуучуларына кайрылып, алардын эркинин күчүн баса белгилеп, чыгармачылыктагы максатка жетүүдө жана турмуш кыйынчылыктарын жеңүүдөгү кайраттарына баа берди.

Премьер бийчилерге мындан аркы чыгармачылыктагы ийгиликтерди каалап, алардын «America's Got Talent» телевизиондук кароо сынагына катышуусу үчүн каржылык жардам берди.

Өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү

сүрөт www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх