Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Жогорку Кеңеште мектептин директорлорун келишим боюнча жалдап алууну сунуш кылышты

Депутаттар Эмгек кодексине оңдоо киргизүүнү карап жатышат

Мектептердин директорлорун келишим менен жалдап алуу зарыл. Мындай деген пикирин парламенттин пленардык жыйынында депутат Кожобек Рыспаев билдирди.

- Азыр мектептин директорлору 65 жаштан кийин кетсин деген мыйзам кабыл алганы жатышат, бирок бул туура эмес, - деп белгиледи ал. - кээ бир адамдар 65 жашында алдуу күчтүү болушат жана иштей алышат. Ошол эле убакта 45 жаштагы адам эчтеке кыла албашы мүмкүн. Ошондуктан окуу жайлардын жетекчилик кызматына адистерди келишим менен жалдап алышыбыз керек. Андан сырткары, айыл жергесинде педогогдордун жетишсиздиги бар. Силер болсо директорлорду айдайбыз дейсиңер.

Өз кезегинде илим жана билим Министрлигинин өкүлү Эмгек кодексине бул норма жогорку окуу жайлардын ректорлору үчүн чыгарылганына байланыштуу түзөтүү киргизгени жатат деп билдирди.

- Эмгек кодексинде ЖОЖ ректорлору 65 жаштан өз кызматын тапшырат, бирок ишин уланта берет, деп жазылган, - деп түшүндүрдү ал. Бирок мектептин директорлору үчүн бул норма иштебеш керек.

Ошондуктан биз кодекстин бул пункттарына оңдоо киргизишибиз керек. Көрсөтүлгөн механизмдер мектепти өнүктүрү багытында иштеши керек.

Вероника Малышева
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх