Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Канатбек Исаев: Путин 65 жашында мамлекетти башкарып жатат, биз болсо 65 жаштагы педагогдорду иштен бошотобуз дейбиз

Депутат Эмгек кодексине түзөтүү киргизүүгө каршы чыкты

Жогорку Кеңештин депутаты Канатбек Исаев 65 жашка чыккан мектеп директорлорун кызматтан четтетүү сунушу боюнча Эмгек кодексине түзөтүү киргизүүгө каршы сөз сүйлөдү.

- Бул маселе биздин элдин келечегине түздө түз таасири бар маселе, - деди ал Жогорку Кеңештин пленардык жыйынында. - Тилекке каршы биздин өлкөдө билим берүүнүн сапаты жыл сайын төмөндөп баратат. Парламенттин жыйынында билим берүү министри алыскы айылдагы мугалимдер канча айлык алаарын да айта алган жок. Мына, жумасына 20 сааттан иштеген педагог айына 5 миң сом алат. Ушул акчага үй бүлөнү багууга болобу? Мектептерде азыр пенсионерлер гана калды, эми аларды да иштен айдагылары келип жатат.

Эл өкүлү буга окшогон мыйзамдарды калган бардык көйгөйлөр чечилип бүткөндө гана сунуш кылуу керек экендигин кошумчалады.

- Менин айылымдагы мектепте 5 жылдан бери физика сабагы берилбейт, - дейт ал. - Бул Чүй облусунда. Эмне үчүн билим берүү Министрлиги ушул маселени көтөрбөйт? Казакстандын президенти 78ге чыкты, ал эми Путин 65ке чыкты, биз болсо тажрыйбасы мол 65 жаштагы педагогдорду иштен жумуштан кетирели деп жатабыз. Эмне үчүн элдин баары 12чи жана 61чи мектепке балдарын бергиси келет? Анткени бул мектептердеги сабаттуу мугалимдер мектептин атын көтөрүп койду.

Айткылачы, кесиптештер, силер кимиңер балаңарды биохимия факультетине окууга жибердиңер? Жок, ал жакка башка эч жакка өтпөй калгандар гана окуйт. Ал эми депутаттардын балдары эл аралык мамилелер жана юриспруденцияга окушат. Адегенде ушул маселени чечип алып туруп, анан пенсионерлерди бошотуу керек.

Кесиптешин депутат Евгения Строкова колдоду.

- Пенсионерлер жыргап кеткенинен иштеп жатышкан жок, алардын пенсиялары аз, - деп баса белгиледи ал. - Мен мугалимдердин жана дарыгерлердин пенсиялары тууралуу мыйзамды колдоого чакырам. Ал эми билим берүү Министрлиги болсо мугалимдердин айлыгын көтөрүүгө каражат издеши керек.
Түшүндүрө кетели, парламентте Эмгек кодексине түзөтүү киргизүүнү талкуулап жатышат. Илим жана билим берүү Министрлиги мектептин директорлорун 65 жаштан кийин бошотуу сунушун кылды. Андан кийин педагогдор жөн гана сабак берүү менен же башка оку жайлардын башчысынын орун басарлары болушу керек.

Вероника Малышева
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх