Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Сооронбай Жээнбеков: Мен ар бир соттук отурумду көзөмөлдөп тура албайм

Мамлекет башчы соттордун дарегине айтылган сындарга көңүл бурду

Кыргызстандыктар соттордун көз карандысыздыгы боюнча көп сөз кылып келишет. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков сот реформасы боюнча Кеңештин экинчи жыйынында билдирди.

- Бул жоопкерчиликти сезбөө, - деди мамлекет башчы. - Кээ бир соттор УКТ коргошот. Бул тилекке каршы биздин өлкөгө инвестиция тартууга таасирин тийгизет. Инвесторлор бизден качат. Биз соттордун адилеттүүлүгүн жана жоопкерчилигин карайбыз. Биринчи инстанциянын чечимин жокко чыгарып салган Жогорку сотко жарандардын өзгөчө арызы бар.

Сооронбай Шарипович Жогорку соттун бир кылмыш ишин 14 жылдан бери крап жаткандыгын мисал кылды.

- Мен аты жөнүн айтпай эле мисал кылайын, - деп улантты президент. - Жогорку сот 14 жылдан бери бир ишти карап жатат. Соттор бул ишти кайра кароого жөнөтүшпөйт. Бул кандай болот? бул ишти эмнеге мынча созосуңар, уят, жүрөк деген барбы силерде. Силер анын тагдырына кошо кайгырышыңар керек. Алар деле силердин атаңар жана балаңар сыяктуу эле адамдар. Ушундан соң элдин ишеничи өлөт. Анан элдер айтышат: «Президент каякты карап жүрөт?» деп. Мен ар бир сотту көзөмөл кылып тура албайм да.

Медина Купсулдаева
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх