Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Жолдогу паракорлорго каршы жортуул: «Көзөмөлдөөчүлөрдү ким көзөмөлдөйт?»

Мухаммедкалый Абылгазиевдин тапшырмасына баары эле тегиз макул эмес

Паракор милиционерлерди кармоо оңой эле, бирок ошону менен жолдогу көйгөйдү чечүү мүмкүн эместей. Мындай деген оюн Vesti.kg сайтына улуттук коопсуздук Мамлекеттик комитетинин алдындагы коомдук байкоочу кеңештин мурдагы төрагасы, юридика илимдеринин доктору Кайрат Осмоналиев бөлүштү.

- Совет мезгилинде эле паракорлорду акча менен кармашчу, - дейт ал. - Бул иш аткарылды деп эсеп берип коюуга өтө жеңил нерсе. Кызматкер жарандык кийим кийип алып эле провакация уюштуруп, протокол толтуруп коёт пара алгандыгы тууралуу.

Анткени менен азыркы инспекторлорго өзүнүн актыгын далилдегенге жакшы шарттар бар, алардын көкүрөгүндө байкоочу камералар бар. юрист акча менен паракорлорду кармоо пайдасыз дейт. Анткени ири өлчөмдөгү айып пулдар чоң пара бергенге шарт түзүп берип жатат, ошондуктан паракорлук дагы эле көп.
- Мен мындай жортуулдар «ыңгайсыз» кызматкерлерден арылуу үчүн болуп калабы деп корком. Анткени ички иштер органында баары бири бири менен коррупциялык схема аркылуу байланышкан, - деп чочулагандыгын билдирет Осмоналиев. Ошондуктан бул программада пайдалуу болуш үчүн алардын артынан дагы УКМКны кошо бекитүү керек. Эгерде кызыкчылыктары биригип эле кетпесе, барып турган кыйын паракорду да кармаганга мүмкүнчүлүк пайда болот ошондо.

Эске салсак, премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев ИИМ жана УКМКга жолдогу паракорлорду кармап жана жазага тартууну тапшырган. Ал жарандардын ЖККМК жаман кызматкерлеринин айынан жаңы киргизилген айыптар ишке ашышына көздөрү жетпейт деп белгиледи. КР ИИМ алдындагы КБК мүчөсү Ялкун Даутов министрлер кабинетинин башчысынын идеясы кайгуул кызматынын кызматкерлеринин жана айдоочулардын ортосундагы мамилени жөнгө салат деп ишенет.

- «Коопсуз шаар», жолдорджогу камералар, маичилердин көкүрөгүндөгү камера жана автоунаадагы фиксаторлор абдан маанилүү, - дейт ал Vesti.kg сайты менен болгон маегинде. - Мезгилдин өтүшү менен бул жортуулдар жок болот, бирок азырынча керектүү нерсе. жаңы айып пулдарга да көнүү керек.

Ал эми УКМКнын төрагасынын мурдагы орун басары, юстициянын эс алуудагы генерал-майору Кубатбек Кожоналиев болсо бир аз башкача ойлонот. Ал жолдогу коррупциянын жок болушуна «Коопсуз шаардын» керек экендигин танбайт, бирок премьер сунуштаган жортуулдун зарылчылыгы жок деп эсептейт.

- Мен муну чоң пайда алып келет деп айтпас элем, - дейт эксперт Vesti.kg сайтына. - Көзөмөлчүнүн үстүнөн көзөмөлбү? Ал эми бул текшерүүчүлөрдү ким текшерет? Алардын пара алуусуна ким тоскоол болот ошондо? Кожоналиев бир гана ачык айкындуулук гана паракорчулукту жок кылат деп эсептейт.

- Адам менен адамдын байланышы азыраак болуш керек, - деп түшүндүрөт ал. Эч кимди аябаган камера аны тартьып алат, ал эми программа болсо аны базага жөнөтөт. Техника көп болсо, тартип көп болот. Эл да акырындык менен көнөт. анткени аң сезимди да өзгөртүү керек.
Белгилей кетсек, 2019-жылы үчтүн айынын биринен баштап бир катар мыйзам бузууларга карата катаалданткан мыйзамдар жана жаңы кодекстер күчүнө кирет. Алардын ичинде жол кыймылынын эределерин бузуу: ылдамдыкты жогорулаткандыгы үчүн айып пул, коопсуздук кемерин тагынбагандыгы үчүн жана айдоочулук күбөлүктүн жоктугу, кууп өтүү, айдап баратып телефон менен сүйлөшүү, мас абалында айдоо үчүн айып пулдар жогорулатылды.

Ольга Федорчук
сүрөт www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх